AVN

“КӨЧМӨНДӨРДҮН УРПАГЫ - КЕЛЕЧЕКТИН НУРЛАРЫ”

“КӨЧМӨНДӨРДҮН УРПАГЫ - КЕЛЕЧЕКТИН НУРЛАРЫ”
 Dec 12, 2023  160

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө”, “Улуттук нарк жөнүндө" Жарлыктарын, Кыргыз Республикасында Кыргыз жараны деп жарандардын өзүн таануусун өнүктүрүү концепциясын ишке ашыруу максатында, “Кыргыз тили жана Ч.Айтматов ааламы” үч айлыгынын жана Жалал-Абад билим берүү башатынан ЖАМУга карай 100 жылдыгына карата “100 жылдыкка 100 иш-чара” долбоорунун алкагында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун факультет жана колледждеринде окуп жаткан студенттеринин арасында “Көчмөндөрдүн урпагы - келечектин нурлары” аталыштагы фестивал болуп өттү.

Фестивалдын негизги максаты - Кыргыз Республикасы 80ден ашуун калктар жана улуттар ынтымактуу жашап жаткан уникалдуу өлкө. Ошол элдердин дээрлик көпчүлүгү түрк тилдүү көчмөн элдерге таандык мурас-дөөлөттөрдү, адеп-ыйман жана нарк-насилди, кийим-кечелерин, кол өнөрчүлүгүн алып жүрүшөт. Ушул баалуулуктарды жандандырып, дацазалап, жайылтып, тарыхтагы оордун таап, дүйнөлүк маданиятта аброюн көтөрүү ар бир инсандын колунда жана аны жасоого милдеттүү. Ошону менен бирге университеттин факультет жана колледждеринде окуп жаткан студент жаштардын арасында достук мамилелерди чыңдоо жана жаштарды улуттук маданиятыбызды билип аздектеп сактоо менен бирге кеп маданияттуулукка, бөтөн элдердин маданияты менен таанышып аны урматтого тарбиялоо жана аларды өткөн тарыхтагы көчмөн элдердин жашоо турмушу, салтуу маданияты, искусствосу, кол өнөрчүлүгү менен жакындан таанышуусуна шарт түзүү жана таланттуу, шыктуу студенттерди эл алдына алып чыгуу.

Фестиваль эки бөлүктөн туруп:

1. Көчмөндөрдүн спорттук оюндары - көчмөндөрдүн спорттук оюндарынын түрлөрү болгон алыш күрөш, тогуз коргоол, аркан тартышмай оюндары болуп өттү.

2. Маданий-эстетикалык программа - (20дан ашпаган) алдын ала тандалып алынган көчмөн элдердин (Кыргыз, Казак, Өзбек, Түрк, Татар, Алтай, Түркмен, Уйгур, Хакас, Бурят, Монгол, Якут ж.б.) маданияттарын камтыган маданий эстетикалык программаны белгиленген мөөнөттө жобого ылайык даярданышып окуу жайдын факультет жана колледждеринде окуган студенттерден түзүлгөн топтор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Фестивалдын аягында жумушчу топ тарабынан жанрлардын мыктылары тандалып алынып, активдүү катышкандарга номинацияларды жана сыйлыктарды ыйгаруу менен жыйынтыкталды.

Фестиваль МТТС жана СИТИ проректорлорунун жетекчилигинин астында мамлекеттик тил бөлүмү, маданий-эстетикалык борбор, «Ден-соолук» спорттук борбору жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп өткөрүлдү.

  • “КӨЧМӨНДӨРДҮН УРПАГЫ - КЕЛЕЧЕКТИН НУРЛАРЫ”