AVN







ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕГИ ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫШЫ

ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕГИ ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫШЫ
 Dec 12, 2023  197

Учурдагы талаптка ылайык сабактарды жаныча стратегияда өтүү педагогика багытында билим алып жаткан келечектеги болочок башталгыч класстын мугалимдерине методикалык жактан жардам берүү жана жаш педагогдордун педагогикалык ишине мотвация берүү максатын көздөгөң бул иш-чара абдан кызыктуу жана жогорку деңгээлде старт алды десек болот. Анткени ачык сабак өткөн педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу С. Осмоналиеванын “Башталгыч мектепте балдар чыгармасын пайдалануу жана чыгармачыл жазуунун жолдору” деген темада өтүлгөн сабагы USAID уюмунун “Окуу керемет” долбооруна негизделген стратегиялардын практикада колдонулушу абдан жогорку деңгээлде уюштурулуп, өткөрүлдү. ППОТ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева баштаган топ сабакка өз ойлорун билдирип кетишти. Сабак кызыктуу анан жандуу өттү. Сабакка байкоо жүргүзүү үчүн Бишкек шаарынан келген “Окуу керемет” долбоорунун эксперти Юсупова Айкынай сабакка терең талдоо берип, байкоо жүргүздү жана өз баасын берди. Сабак жогорку деңгээлде өттү жана “+5” деген баага татыктуу болду.

  • ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕГИ ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫШЫ
  • ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕГИ ДОЛБООРЛОРДУН ИШКЕ АШЫШЫ