AVN







ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ

ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
 Dec 11, 2023  398

Бүгүн 11-декабрда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети Жалал-Абад облусттук прокуратурасы менен биргеликте 9-декабрь Эл аралык коррупцияга каршы күрөшүү күнүнө карата тегерек стол өткөрдү.

        Тегерек столго окуу жайдын ректору Усенов Кенешбек Жумабекович жана Жалал-Абад областынын прокурору Ишеналиев Турусбек Кубатбекович, прокуратуранын коррупцияга каршы аракеттенүү жана мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы, аталган бөлүмдүн башчысынын орун басары жана ЖАМУнун профессордук-окутуучулук курамы студенттер менен катышышты.

      Иш чарада прокуратура кызматкерлери тарабынан жыл ичинде коррупциялык иштердин козголушу жана мыйзамдардын аткарылышы боюнча маалыматтар берилди. Ф.и.к., доцент  Г.Токтогулова коом коррупцияга каршы аталышында илимий баяндама жасалды.

     Прокуратура кызматкерлерине студенттер коррупция тууралуу жана аны жоюу жолдору, укук коргоо органдары тарабынан аткарылган иш аракеттер жөнүндө суроолорду беришти. Суроолорго прокурор жеринде жооп берип, студенттер учурдун курч маселелерин көтөрүп, өздөрүнүн активдүүлүгүн, билимдүүлүгүн көрсөткөндөрүнө ыраазычылык билдирди.

      Окуу жайдын ректору, техника илимдеринин доктору, профессор К.Ж. Усенов окуу жайдан паракорчулукка жол бербөө максатында экзамен, зачеттор электрондук компьютер менен тапшырылып, окутуучу менен студенттин байланышын алыстатканын айтып өттү. “Санариптештирүүгө өткөнүбүзгө 5 жылдын жүзү болду. Аткарган аракеттерибиз жемкорлукка бөгөт коюу максатында болгон. Учурда өз натыйжасын берип, окуу жайда паракорчулук азайды деп ишенимдүү айта алабыз. Коом өз көмөгүн көргөзүп, жаштар билими менен ийгиликке жете алаарына аң-сезими жетсе коррупция жоюлат. Акырындык менен ошол жолго түшүүдөбүз” – дейт ректор.

  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ
  • ЭЛ АРАЛЫК КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШҮҮ