AVN







БАЛА БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ

БАЛА  БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
 Dec 11, 2023  209

         Учурда  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика  багытынын  мектепке чейинки билим берүүнүн методикасы профилинин 3-4-курстары адаптациялык-педагогикалык (медика-психолого-педагогикалык) практикаларын өтөшүүдө. Адаптациялык -педагогикалык  жалпысынан Жалал-Абад шаарындагы мектепке чейинки билим беруу мекемелерине жайгаштырылды. Студент-практиканттар шаардагы №19 “Коңгуроочо”  мектепке чейинки билим берүү уюмунда болушту. Алар аталган мекеменин талаптарын аткарууда тарбиячылар, алардын жардамчылары менен биргеликте балдар менен иштешүүдө өз активдүүлүктөрүн көрсөтүшүүдө. Методисттер кайсыл убакта барышпасын практиканттардын иш орунда болушуп, тайпалар менен ар кандай иш-аракеттер аткаруу менен алектенип жатышкандыктарына күбө болушту.

Практиканттар методисттер  менен тыгыз байланышын үзбөстөн, алардан методикалык жардамдарын алышууда. Чындыгында мектепке чейинки билим берүү уюмунда иштөө тартиби, балдарды көзөмөлгө алуу, ар бир балага дифференциалдуу мамиле кылуу, алардын ден соолуктарынын маанилүүлүүгү, жалпы абалы ж.б.у.с. маселелерде кескин айырмачылыктар бар. Жогорудагыдай көйгөйлөрдү андап билүү, анализдөө, талдоо, кырдаалдарды жөнгө салуу учурунда кандай кыйынчылыктарга, кемчиликтерге дуушар болушкандыгын, ал үчүн жасаган иштерин, өздөрүнүн чыгармачылыктарын күн сайын методисттер  менен ой бөлүшүп турушту.  Айта кетчү нерсе, бул кесиптин адиси, бөбөктөр, мектепке чейинки курактагы балдар менен иштешүү өтө кызыктуу, укмуш, керемет, ошону менен катар эле өтө кылдат, ар тараптуу тажрыйба, чоң жоопкерчиликти талап кылган иш экендигин студент-практиканттар ынануу менен айтышты.

Уюмдагы эмгектенген тарбиячылар, уюмдун директору студент-практиканттардын ишке болгон жоопкерчилиги, балдарга, жамаатка жасаган мамилери, аракеттери, изденүүлөрү жакшы экендигин белгилеп, келечекте өздөрүнүн кесибинин мыкты адиси болооруна ишеним билдирди.

  • БАЛА  БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
  • БАЛА  БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
  • БАЛА  БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
  • БАЛА  БАКЧАЛАРДА ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ