AVN

МАНАС КҮНҮ ЖАНА ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч. АЙТАМТОВДУН 95 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИ

МАНАС КҮНҮ ЖАНА ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч. АЙТАМТОВДУН 95 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИ
 Dec 11, 2023  219

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде Манас күнүнө жана залкар жазуучу Ч. Айтматовдун 95 жылдык маарекесине арналган айлык жүрүштөгү түрдүү иш-чараларды, тарбиялык сааттарды өтүү боюнча график бекитилген. Графикке ылайык дене тарбия ПЦКсы “Манас эпосундагы улуттук оюндар  - ордо, күрөш, бел боо алыш, тогуз коргоол” аталышта иш-чара өткөрдү. Иш-чаранын биринчи бөлүгүндө дене тарбия окутуучсу М.Раззаков Манас эпосунда чагылдырылган улуттук оюндар жөнүндө талкуу сабак өттү. Талкуу убагында өзгөчө ордо оюну студенттердин арасында кызыгуу жаратты. Эпосто  ордо оюну негизинен кыргыз элине гана таандык экендиги белгиленди. Бул оюндун түптөлүшү 1100-1200 хижра жылдарына таандык экендиги тастыкталды. Экинчи бөлүктө ордо,   алыш, тогуз коргоол оюндары боюнча студенттердин арасында мелдеш болду. Мелдешке колледждин студенттери кызыгуу менен катышышты.

  • МАНАС КҮНҮ ЖАНА ЗАЛКАР ЖАЗУУЧУ Ч. АЙТАМТОВДУН 95 ЖЫЛДЫК МААРЕКЕСИ