AVN

Экономика-юридикалык колледжинде рефлекциялык конференция өткөрүлдү

Экономика-юридикалык колледжинде рефлекциялык конференция өткөрүлдү
 Dec 11, 2023  184

Экономика-юридикалык колледжинде график боюнча СРк-2-21 тайпасынын студенттери өндүрүштүк практикасын өтөөдө. Ошол себептен студенттерге методикалык жардам көрсөтүү максатында  рефлекциялык конференция  уюштурулду.

Рефлекциялык конференцияга  ЭЮКтун директору э.и.д., профессор Азиза Карбекова, окуу иштери боюнча директордун орун басары  Айнагуль Ташматова, ЭЮКтун карьера жана практика башчысы Назгул Айылчиева, социалдык иш ПЦКсынын башчысы Айтбү Анарбай кызы катышышты. 

Конференцияда каралуучу негизги маселелер:

  1. Практика учурунда пайда болгон көйгөйлөр, анын чечүү жолдору;
  2. Күндөлүктүн толтурулушу жана отчет жазуудагы маселелер;
  3. Практика учурундагы студенттердин аткарган жумушу менен жол картанын дал келүүсү;
  4. Илимий иштерди жазууга көрсөтмөлөр берилди.

Жыйынтыгында студенттер практика учурунда пайда болгон түшүнбөгөн суроолоруна жооп алып кетишти.

  • Экономика-юридикалык колледжинде рефлекциялык конференция өткөрүлдү