AVN







"БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КЫТАЙ ТИЛИ" КОНГРЕССИ

 Dec 8, 2023  356

2023-жылдын 7-8-9-декабрында КЭРдин Пекин шаарында Конфуций институттарынын "Бүткүл дүйнөлүк кытай тили" аталышындагы  конгресс болуп өттү. Иш-чарага ЖАМУнун Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин председатели, директорлору жана окутуучулары катышты. Бул салтанатка дүйнө жүзү боюнча 1000ден ашуун окуу жайлардын ректорлору жана Конфуций институттарынын директорлору чакырылган. 

Конференцияда теманын айланасында көп маселелерди камтыган 9 форум иш алып барды. Мында кытай тилинин дүйнө жүзүндөгү орду, кытай тил боюнча эл аралык долбоорлор, кытай партнердук кызматташуулар, эл аралык кытай тилин окутуунун инновациялык жолдору, кытай тили  жана кытай маданияты, мамлекеттин ар тараптан өнүгүшүндө кытай тилинин үлүшү ж.б. маселелер каралып, кызыктуу докладдар окулуп, талкуулар жүргүзүлдү. ЖАМУдан барган делегация "Эл аралык кызматташуу: менеджерлик, дипломатия жана окутуучулук" форумуна катышып, актуалдуу темалар менен доклад жасашты.  Иш-чаранын алкагында

ЖАМУнун Конфуций институтунун Башкаруу кеңешинин председатели К.Ж.Усенов Кытай Эл Республикасынын Билим берүү министрлигинин атайын кабыл алуусунда болду. Министр өз сөзүндө Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын ректорлорунун эки элдин билим берүү багытындагы кызматташуусуна кошуп жаткан салымдарын жогору баалады.