AVN







Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар

Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар
 Dec 8, 2023  271

Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде “Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар ” аталыштагы илим жумалыгы жыйынтыкталып,   мыкты илимий баяндамачыларга, предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана студенттик ийримдердин иштерин чагылдырган көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүнө I,II,III даражадагы дипломдор, Ардак грамоталар тапшырылды.

     “3D моделдөө жана робототехника” студенттик ийрими I даражадагы дипломго, “Жаш физик” ийрими II даражадагы дипломго, “Бүчүр” жана “Епсилон” студенттик ийримдери III даражадагы дипломдорго ээ болушту.            Факультеттин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Г.С.Токоева жумалыкта өздөрүнүн илимий жетишкендиктерин көрсөткөн студенттик ийримдерин жетекчилерин жана студенттерди куттуктады. Жумалыкты өткөрүүгө салым кошкон бардык кафедра башчыларына, профессордук-окутуучулук курамга мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалап өттү. 

  • Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар
  • Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар