AVN







НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР

НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
 Dec 8, 2023  228

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинде Кыргыз Республикасынын  билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, философия илимдеринин доктору, профессор Ниязалиев Шайлообай Мамасалиевичтин 85 жылдык юбилейине арналган «Ниязалиевдик окуулар» алкагында «Заманбап илимдин, техниканын жана билим берүүнүн актуалдуу маселелери» аталышындагы республикалык илимий-практикалык конференция болуп өттү. Аталган республикалык  илимий-практикалык конференция Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессор Ш.М.Ниязалиев атындагы философия жана гуманитардык илимдер кафедрасынын демилгеси менен уюштурулду. Республикалык илимий-практикалык конференция төмөндөгүдөй багыттарда иш алып барды:

1-багыт: Гуманитардык жана филология багыты;

2-багыт: Педагогика жана физика-математикалык багыт;

3-багыт: Экономикалык жана укук багыты;

4-багыт: Табигый-техникалык багыт;

5-багыт: Магистрдик жана студенттик секция.

Конференциянын жүрүшүндө эскерүү сөздөрү жана пленардык баяндамалар окулду.

  1. Усенов Кеңешбек Жумабекович, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, тех.и.д. (Эскерүү сөзү).
  2. Саралаев Нур Керимкулович, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын А.А.Алтмышбаев атындагы философия, укук жана социалдык-саясий изилдөөлөр институтунун директору, ф.и.д., профессор.  (Эскерүү сөзү).
  3. Шарипова Эркайым Козуевна, ОшМУнун профессору, ф.и.д. «Ааламдашуу шартындагы маалыматтык коопсуздуктун манызы».
  4. Ботоканова Гульнара Топчуевна,  Бишкекский государственный университет им. К. Карасаева доктор философских наук, профессор «Проблема этнической идентичности и традиционная культура».
  5. Алыбаев Курманбек Сарманович, Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун профессору, ф.м.и.д. «Өнүгүүнүн спиралдык формасына математикалык мисал».
  6. Балтабаева Аида Тынайбековна, Кыргыз  Өзбек  эл  аралык  университетинин  эл аралык  байланыштар  жана  стратегиялык  өнүгүүлөр  проректору, философия  илимдеринин доктору, профессор. «Философия курсун жогорку окуу жайларда окутуунун    кээ бир маселелери». 
  7. Исаков Кубанычбек Абдыкадырович, Ош мамлекеттик университетинин профессору, философия илимдеринин доктору. «А.Масалиев түбөлүк үлгүлүү экзистенцияга ээ болгон феномен».
  8. Айдаркулов Кадыркул Айдаркулович, тарых илимдеринин кандидаты, доцент. Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин профессору. «Көчмөндөрдүн таш бетине тартылган байыркы салттары».
  9. Токоева Гүлдана Самидиновна,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, Э.Уметов атындагы ПФнын деканы, философия илимдердин доктору, профессор. «Моделирование исторических памятников как научный метод».
  10. Абазов Эрнис Абдыманапович, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетиини доценти, тарых илимдеринин кандидаты. «Анжиян көтөрүлүшүнүн тарыхнаамасы: колониялык, советтик жана постсоветтик мезгилдерде».
  11. Шерипбаев Амангелди Рахманович, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, улуу окутуучу. «У.Абдукаимовдун «Майдан» романында эпистолярдык форманын реализацияланышы».
  12. Мурзакматов Аманбек Камытович, Ош мамлекеттик университетинин доценти, ф.и.к.. «Кыргыз элинин дипломатиялык этикети («Манас» эпосунун мисалында)».
  13. Дуйшеев Женишбек Аматысакович, PhD, профессор кафедры философии международного университета им. К.Ш. Токтомаматова. «Тарыхый информатика жөнүндө».
  14. Доранова Айгүл Дадажановна,  Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, мамлекеттик тил жана тил саясаты проректору, улуу окутуучу, «Кыргыз жараны жарандык инденттүүлүктү калыптандырууда гендер маселелери».
  15. Атамурзаева Бүсайра Мамаюсуповна, Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети, ТИПФнин доценти, философия илимдеринин кандидаты. «Социализация личности в современном кыргызском обществе».

Жыйынтыгында, катышуучулар тарабынан резолюция кабыл алынып, мыкты баяндамачыларга 1-2-3-даражадагы диплом, сертификаттар тапшырылды.

  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР
  • НИЯЗАЛИЕВДИК ОКУУЛАР