AVN

ПЕДАГОГДОРДО АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ...

ПЕДАГОГДОРДО АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ...
 Dec 8, 2023  218

Э. Уметов атындагы 550 700 Педагогика багытындагы башталгыч билим берүү адистиктеринин 3-курстарынын адаптациялык-педагогикалык практикасы жыйынтыкталып, анын отчеттору угулду. Отчет учурунда практикант-студенттер практика учурундагы ийгиликтер менен катар методикалык айрым көйгөйлөргө токтолушту. Алардын жасаган баяндамаларына ылайык учурдагы мектеп менен ЖОЖдун ортосундагы педагогикалык-методикалык байланыш, мугалимдер менен окутуучу-профессорлордун педагогикалык кызматташтык байланыштары, сабак өтүүдөгү заманбап технологиялардын зарылдыгы, танкыстыгы, жетишсиздиги белгиленди.

Сабактардан фрагмент көрсөткөн жана өзүлөрүнүн жасаган иш-араеттери боюнча свод-анализ жүргүзгөн студенттердин маалыматтары угулду. Конференцияга катышкан ЖАМУнун КӨӨПУБнын башчысы, филол.и.к. З.С. Калыбекова, КӨӨПУБнын инспектору Н. С. Жолдошалиевалар практиканын бул этабынын өзгөчөлүгүн эске алышып, практика абдан активдүү формада өткөнүн сабакка талдоо жүргүзүп келишкен методисттерге ыраазычылыктарын билдиришти. Жыйынтыктоочу конференция жогорку деңгээлде уюштурулуп, абдан кызыктуу кызуу талкуу менен өткөнүн белгилеп кетишти. ППОТ кафедрасынын башчысы, профессор С.С. Сакиева студенттердеги практиканы өтөөдөгү бир топ жанданууну белгилеп кетти.  Бардык кафедра мүчөлөрү жана атайын бекитилген методисттер студенттер менен жакындан иштеп, ошол эле учурда мектеп менен ЖОЖдун педагогикалык кызматташтыгынын мезгил өткөн сайын бекемделип жаткандыгын айтып кетишти. Конференциянын жыйынтыгында Практиадагы ийгиликтери үчүн мектеп жана мектепке чейинки билим берүү уюмдары тарабынан берилген Ыраазычылык каттар, Ардак грамоталар тапшырылды.

  • ПЕДАГОГДОРДО АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКА ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ...