AVN

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНУН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРЫЛДЫ

КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНУН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРЫЛДЫ
 Dec 8, 2023  296

ЖАМУнун Конфуций институтунун 2022-23-окуу жылында аткарылган иштери боюнча отчету Синьцзян университетинде Башкаруу кеңешинин кезектеги жыйынында кабыл алынды.  Отчетту институттун кыргыз директору, фил.и.к, доцент М.Р.Шакирова тапшырды.

Отчет 10 бөлүктөн туруп, институтта аткарылган бардык иштер камтылды. Административдик бөлүктө институттун жылдык иш планынын аткарылышы, кытай окутуучуларынын ишмердиги, ЖАМУ менен Синьцзян университетинин институттун ишмердигин өнүктүрүүчү көрсөтмөлөрүнүн аткарылышы тууралуу терең маалымат берилди. Окуп-үйрөнүү ишмердигинде студенттердин тил үйрөнүү көрсөткүчтөрү, HSK, HSKK сынактарынын тапшырылышы, натыйжалары, кошумча ийримдердин иш алып барылышы, адистиктердин окуу планына кытай тилинин киргизилиши ж.б. тууралуу сөз болду. Отчеттун кийинки мазмунун бүтүрүүчүлөр, кошумча келишимдер, долбоорлор, маданий иш-чаралар, рейтинг, каржы, алдыдагы милдеттер түздү.

Өзгөчө белгилер катары ЖАМУнун Конфуций институтунун өнүгүшүнө кошуп жаткан салымы баса белгиленди. Алдыдагы милдеттер катары биргелешип иштөө, илимий иштерди жүргүзүү, окутуучулардын жана студенттердин академиялык мобилдүүлүгү, келечекте эки дипломдуу адистерди даярдоо маселелери ж.б. талкууга алынды.

Бир жылдык аткарылган иштер институттун Башкаруу кеңеши тарабынан бир добуштан  канааттандыраарлык деп табылды.

Жыйындын соңунда ар түрдүү маселелер боюнча жылуу маек уюштурулуп, институттун директорлорунун иштерине ийгиликтер айтылды.

  • КОНФУЦИЙ ИНСТИТУТУНУН ЖЫЛДЫК ОТЧЕТУ ИЙГИЛИКТҮҮ ТАПШЫРЫЛДЫ