AVN







ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ

ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
 Dec 8, 2023  201

Мамлекеттик тил күнүнө карата жана Кыргыз Республикасынын Эмгек Баатыры артыкчылык даражасынын ээси, акын, котормочу Түмөнбай Байзаковдун 100 жылдыгына ошондой эле Кыргыз Республикасынын Баатыры, Эл жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдыгына арналган «Ильяздын ыры» адабий-музыкалык концерти ЖАМУнун чоң жыйындар залында болуп өттү.

Адабий-музыкалык концертте окуу иштери боюнча проректор тех.и.д., профессор А.П. Алибаев куттуктоо сөзүн сүйлөп, акын, котормочу Т.Байзаков жана залкар жазуучу Ч.Айтматов жөнүндө айтып, иш-чаранын уюштуруучуларына ийгиликтерди каалады.

Социалдык жана тарбия иштери боюнча проректор Э.К.Турдубаевдин айтймында иш-чара университеттин жана Т.Тыныбеков атындагы облусттук филармониянын кызматкерлери менен биргеликте уюштурулган. Залкар инсандарды эскерип, алардын эмектерин, элине аткарган кызматттарын  жаштарга айта жүрсөк, урпактарыбыз улуу инсандарды унутушпайт. Жаштарды туура жолго үндөп, татыктуу тарбия, терең билим берүү биздин милдет – дейт Э.Турдубаев.

Концерттин жүрүшүндө филармониянын чыгармачыл тобу жана маданий-эстетикалык борбордун кызматкерлери, ЖАМУнун таланттуу студенттери тарабынан спектакелдер көргөзүлүп, көркөм чыгармалар окулуп, ыр-бийлер аткарылды.

  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ
  • ИЛЬЯЗДЫН ЫРЫ