AVN







МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА

МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
 Dec 8, 2023  218

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде жайгашкан борбордук китепканасынын окуу залында Т-1-20, Тс-1-19 тайпаларына музей-архивдик практикасынын жыйынтыктоо (офлайн, онлайн)  конференциясы болуп өттү. Конференцияга ЖАМУнун карьераныөнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн жетекчиси ф.и.к., доцент З.С.Калыбекова,  инспектору Н.С.Жолдошалиева, Кыргыз Республикасынын санариптик өнүктүрүү министрлигине караштуу Жалал-Абад региондук архив кызматынын жетекчисинин орун басары Г.К.Кангелдиева, Жалал-Абад шаардык чөлкөм таануу мүзейинин директору З.Б.Шериева катышышты.

Студенттер практика боюнча кызыктуу илимий баяндамаларды жасашты. КӨӨПУБнын жетекчиси жана  инспектору студенттердин маанилүү маалыматтарын угушуп, суроолорду беришип, сунуштарын айтышып практика жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын баса белгилешти. Өндүрүштөн келген коноктор студенттер практика мезгилинде өздөрүнүн жакшы жактарын көрсөтүшүп, архив жана музейдин иштерине чоң жардам көрсөтүшкөндүгүн баса белгилешип жетекчиликке ыраазычылык билдиришти. Сырттан окуган студенттер онлайн зум программасы менен катышышып, өздөрүнүн омоктуу ойлору менен бөлүшүштү.

Практика жетекчилери т.и.к., доцент Г.А.Анарбаева жана жаш окумуштуу К.И.Тайчиков практиканын жүрүшү, уюштуруу, тарыхый жерлерге саякат жөнүндө маалымат берип финансылык жактан жардам берген жетекчиликке ыраазычылык билдиришти. Кафедранын практика боюнча жооптуу улуу окутуучу Ж.Т.Рысбаева конференцияга модератор болуу менен бирге студенттердин жана практика жетекчилеринин маалыматтары боюнча ой бөлүштү о.э келген конокторго терең ыраазычылык билдирди. Конференциянын жүрүшүндө студенттер тарабынан даярдалган слайддар, буклеттер даярдалып конференция максатына жетти.

  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА
  • МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКА