AVN







КАЙРЫМДУУЛУК-СООПТОРДУН КАЗЫНАСЫ

КАЙРЫМДУУЛУК-СООПТОРДУН КАЗЫНАСЫ
 Dec 7, 2023  170

Алдыңкы тажрыйба борбору Жалал-Абад колледжинде  3-декабрь бүткүл дүйнөлүк майыптар күнүнө карата “Кайрымдуулук-сооптордун казынасы”  аталышында марафон өткөрүлдү.  Иш-чаранын максаты: студенттерди ынтымакка чакыруу, гумандуулукка үндөө, мүмкүнчүлүгү чектелген студенттер менен достук мамиледе болуу жана  аларга ар тараптан жардам көрсөтүү.  

Марафон  ЖАКтын тарбия иштери жана жаштар комитети тарабынан уюштурулуп, ага окутуучулар жана студенттер жакшы маанайда активдүү катышышты.  Жыйынтыгында  кайрымдуулук үчүн  26 721 сом өлчөмүндө  каражат чогулуп, чогулган каражат карыялар үюнө жана балдар үюнө тапшырылды.

  • КАЙРЫМДУУЛУК-СООПТОРДУН КАЗЫНАСЫ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-СООПТОРДУН КАЗЫНАСЫ
  • КАЙРЫМДУУЛУК-СООПТОРДУН КАЗЫНАСЫ