AVN







УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ

УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
 Dec 7, 2023  277

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин илимий-китепканасынын окуу залында «Улуттук адабият күнүнө» жана “Ч.Айтматовдун 95 жылдыгына ” карата факультеттер аралык уюштурулган тегерек стол 2023-жылдын 6-декабрында өткөрүлдү. Ага университеттин мамлекеттик тил бөлүмүнүн башчысы, ф.и.д., профессор К.Б.Калчакеев, илимий-китепкананын комплектөө бөлүмүнүн башчысы Ү.О.Осмонова жана факультеттеги профессордук-окутуучулук курам катышышты. 

   Тегерек столдо факультеттин информатика жана тарых адистигинин, табигый-техникалык факультетинен химия жана биология адистигинин  2-курстарынын студенттери Ч.Айтматовдун өмүрү-чыгармачылыгы, кыргызды дүйнөгө тааныткан чыгармалары тууралуу илимий ой толгоолорун, анын чыгармаларына арналган ырларды, ошондой эле алп акын А.Осмоновдун кереметтүү чыгармаларынан көркөм окууларды, обондуу ырларды аткарып, кеченин көркүнө көрк кошушту. Залкар жазуучу Ч.Айтматовдун чыгармаларын чагылдырган жаш сүрөтчүлөрдүн эмгектери катышуучулар тарабынан бааланып, эң мыкты тарткан сүрөтчүлөр, кечеге активдүү катышкан студенттер I,II,III даражадагы дипломдор менен сыйланышты. Ошондой эле, педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын башчысы С.С,Сакиева эки факультеттин студентерине белекке алар үчүн баалуу болгон китептерди тапшырды.

      Катышуучулар тарабынан кечени уюштурган педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын окутуучулары - доцент Г.У.Рыскуловага жана Б.М.Исманалиеваларга терең ыраазычылыктарын билдиришип, мындай иш-чаралар көп-көп уюштурулса студенттердин адабиятка болгон кызыгуулары, улуттук наркы арта тургандагын белгилеп кетишти.

  • УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
  • УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
  • УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ
  • УЛУТТУК АДАБИЯТ КҮНҮ