AVN







ЖАРАНДЫК НИКЕ МОДАБЫ?

ЖАРАНДЫК НИКЕ МОДАБЫ?
 Apr 14, 2018  1006

ЖАМУнун Педагогика  жана маалымат технологиялар факультетинин “Педагогика жана психология” кафедрасы тарабынан 13-апрелде “Кыз ала качуу жана жарандык нике” темасынын алдында иш чара болуп өттү.  Ага конок катары “Акыйкат” гезитинин өкүлү Ажымаматова Бактыкан, ЖАМУнун окутуучусу Шерматов Жапар, окуу бөлүмүнүн  адиси Маткеримова Минавар, сапат бөлүмүнүн адиси Айтикеев Нурлан ж.б. бир катар мугалимдер, студенттер катышты.

    Иш чарада “Кайып кыз”, “Ак келин”, “Сырдуу дептер” аттуу Б. Ажымаматованын автордук китептери кызуу талкууга алынды. Анткени, жогорудагы китептерде биздин бүгүнкү темага байланыштуу окуялар камтылган. Ошондой эле жаштар жарандык никеге, кыз ала качууга болгон оң жана терс көз караштарын ортого салышты – деп билдирди иш чаранын уюштуруучусу Маатазимова Гүлзат.

    Кыз ала качуу же кызды мажбурлап никеге тургузуу, жарандык нике модабы? ислам жарандык никеге кандай көз карашта? – деген суроолордун үстүндө талкуу жүрдү. Ал эми келген коноктор өздөрүнүн бай турмуштук тажрыйбасынан ой  бөлүшүп, келечек ээлерине кеңештерин айтып өтүштү.

  • ЖАРАНДЫК НИКЕ МОДАБЫ?
  • ЖАРАНДЫК НИКЕ МОДАБЫ?