AVN







ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК ЖАРДАМ

ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК  ЖАРДАМ
 Dec 5, 2023  363

Жалал-Абад колледжинин  мектепке чейинки билим берүү ПЦКсынын окутуучусу А.К.Кыргызбаева  Жалал-Абад шаарындагы №10 “Барчын” мектепке чейинки билим берүү мекемесинде  практика өтөп жаткан студенттер үчүн   сөз өстүрүү боюнча  көргөзмөлүү сабак өттү.  

Бул сабакта студенттерге ар түрдүү  усулдардын колдонулушу көрсөтүлгөн. А.К. Кыргызбаеванын айтымында студенттерге практика учурунда өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, аларды өз кесибине даярдап келишет. Жаштар биздин келечегибиз, кийинки муун билимдүү, тарбиялуу болсун десек, жаш кадрларды даярдоо зарыл – дейт ал.

  Ушул сабактан көрүп студенттер өз сабактарын өтүүгө даярдана башташты.  Педагогикалык практика учурунда практикант-студенттер  сабак өтүүгө такшалып,  көргөзмөлүү сабактарды  өтүштү. Ошондой эле, балдар үчүн оюндар, көңүл ачуулар менен коштолгон кызыктуу иш-чараларды  өткөрүшүүдө.

  • ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК  ЖАРДАМ
  • ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК  ЖАРДАМ
  • ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК  ЖАРДАМ
  • ӨНДҮРҮШТӨГҮ СТУДЕНТТЕРГЕ УСУЛДУК  ЖАРДАМ