AVN







М3 КАФЕДРАСЫНЫН ОКУМУШТУУЛАРЫ ОШ ШААРЫНДА МАТЕМАТИКА БОЮНЧА ДОКТОРЛУК ДИССЕРТАЦИЯНЫ ТАЛКУЛООГО КАТЫШЫШТЫ

М3  КАФЕДРАСЫНЫН  ОКУМУШТУУЛАРЫ ОШ  ШААРЫНДА  МАТЕМАТИКА  БОЮНЧА  ДОКТОРЛУК  ДИССЕРТАЦИЯНЫ  ТАЛКУЛООГО  КАТЫШЫШТЫ
 Dec 5, 2023  387

Математика жана математикалык моделдештирүү (М3) кафедрасынын окумуштуулары ф.-м.и.д., профессорлор К.С. Алыбаев, А.М. Джураевтер Ош шаарында өткөрүлгөн изденүүчү Ч.Х. Абдуллаеванын физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациясын талкуулоого катышышты. Илимий жетекчиси ф.-м.и.д., профессор Г.М. Матиева. Талкууда ОшМУнун ректору, профессор К.Г. Кожобеков, илимдин докторлору, профессорлор А.С. Сопуев, А.Ж. Сатибаев, А.М. Ташбаев, А.Ж. Аширбаева, М.М. Исманов, Д.А. Турсунов жана илимдин кандидаттары, доценттер Т.О. Бекешов, Т.Э. Исаков, А.З. Зулпукаров, Ж.К. Жээнтаева, Т.М. Папиева, Г.М. Борбоева жана башка окумуштуулар катышышты. 

Профессор К.С. Алыбаев отурумга төрагалык милдетин аткарды.

Отурумда изденүүчү Ч.Х. Абдуллаеванын баяндамасы угулду жана талкууланды. Талкууга профессорлор А.М. Джураев, А.С. Сопуев, А.Ж. Сатибаев, М.М. Исманов, доценттер Т.О. Бекешов, Т.Э. Исаковтор катышышты. Отурумдун жыйынтыгында Ч.Х. Абдуллаеванын илимий изилдөө иштерине жогорку баа берилди жана физика-математика илимдеринин доктору окумуштуулук даражасын изденип алуу үчүн диссертациясы коргоого сунушталды.