1-декабрь филология факультетинин немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында окутуучулар жана студенттер менен биргеликте 1-декабрь "Бүткүл дүйнөлүк СПИДге каршы күрөшүүнүн” эл аралык күнүнө карата иш чара өткөрүлдү.
Кураторлор иш чаранын максаты менен тааныштырышты. Учурдагы СПИДдин статистикасына токтолушту. Кыргызстанда рассмий түрдө 13030 кишиден адамдын иммундук жетишсиздик вирусу ВИЧ аныкталган. Алардын 12272си кыргызстандыктар болсо, калганы чет өлкөнүн жарандары. Рассмий каттоого алынгандардын арасынан 3233 адам кайтыш болгон. 21-кылымдын чумасына айланган илдеттин жугуу жана андан сактануу жолдору менен тааныштырышты. Студенттер арасында темага байланыштуу талкуу жүргүзүлдү. Андан сырткары студенттер СПИДдин коркунучтарын өздөрү тарткан сүрөттөр аркылуу чагылдырышты.