AVN







КЫРГЫЗПАТЕНТ жана ЖАМУ нун бирдиктүү ишмердиги

КЫРГЫЗПАТЕНТ жана ЖАМУ нун бирдиктүү ишмердиги
 Apr 13, 2018  814

Жалал-Абад мамлекеттик университети жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик кызматы (Кыргызпатент) тарабынан “Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук жактан коргоо. Түшүнүктөр жана түрлөр.” темасында семинар 13-апрель күнү өткөрүлдү.

            Семинарга ЖАМУнун ойлоп табуучулары, автордук күбөлүктөрдүн ээлери, аспиранттар жана жогорку курстун студенттери катышты.

            Семинарды ЖАМУнун окуу иштери боюнча проректору Алибаев Атабек ачып, коноктор менен тааныштырып Кыргызпатент мекемесинин орду жана ролу жөнүндө түшүндүрмө берди.

Мамыралиев Абдыкадыр (экспертиза башкармалыгынын ойлоп табуу, пайдалуу модель жана өнөр жай үлгүлөрүн экспертизадан өткөрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси) “Кыргыз Республикасында өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо” жана “Ойлоп табуу, пайдалуу модель жана өнөр жай үлгүлөрүн каттоо тартиби”, аталышындагы баяндамаларды жасап мисалдарды келтирип берди.

            Базаркулов Артык (экспертиза башкармалыгынын башчысы)  “Товардык белгилерди укукту коргоо. Кыргызпатентте катталуу” темасы боюнча кеңири маалымат берип, бизнести өнүктүрүүдөгү маанисин эскерте кетти. Ошондой эле “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн формалдуу экспертизадан өткөрүү маселелери” аталышындагы баяндама жасады.

            Абышбаев Бакытбек (экспертиза башкармалыгынын ойлоп табуу, пайдалуу модель жана өнөр жай үлгүлөрүн эксперизадан өткөрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси) “Салттуу билимдер жана селекциондук жетишкендиктер. Түшүнүктөр жана түрлөр” жөнүндө кеңири баяндама жасап, азыркы мезгилде улуттук тамак аш, улуттук буюмдарды каттоо боюнча кеңири маалымат берди.

            Батаев Жунусали (автордук укук башкармалыгын инспектирлөө бөлүмүнүн  инспектору) “Автордук күбөлүктөрдү каттоо. Мүлктүк укуктарды жамааттык башкаруу” аталышында баяндама жасады.

            Кокумов Айбек (инновция жана стратегиялык өнүгүү башкармалыгынын инновация бөлүмүнүн жетектөөчү адиси) “Инновациялык менеджмент: Кыргыз Республикасындагы инновациялык ишмердүүлүк” жөнүндө кеңири баяндама жасады.

            Семинардын жыйынтыгында эксперттерге суроолор берилип тиешелүү жооптор алынды.