AVN







БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ

БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ
 Dec 1, 2023  230

Жалал- Абад шаарынын мэриясынын №430 сандуу катына ылайык «Адамдарды  сатууга каршы күрөшүүнүн 100 күндүгү” жөнүндөгү  буйругун аткаруу максатында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин БАС кафедрасында 29-ноябрь күнү “Биз адам сатууга каршыбыз” атуу иш чара өткөрүлдү.

 Бул иш чарага Жалал-Абад ШИИБдин ККК ЖЖЭИ боюнча аймактык тескөөчүсү милициянын улук лейтенанты Кыдыров Мунарбек Ыманбекович чакырылып, БАС кафедрасынын окутуучулары, 1-4-курстардын студенттери катышышты. Кураторлор, студенттер даярдаган презентациялар көрсөтүлүп, докладдарын окуп беришти. Милициянын улук лейтенанты Кыдыров Мунарбек Ыманбекович адам сатууга алып барган себептерин, факторлорун, коомго тийгизген таасири тууралуу айтып берип, ар бир жаранды адам сатууга каршы күрөшүүсунө чакырды. Студенттер кызыккан суроолорун узатышты. Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 166 беренеси боюнча маалыматтар көрсөтүлдү. БУУнун берген маалыматы боюнча, адам сатуучулардын курмандыктары болуп 70% аялдар, анын ичинен 20% жашы жете элек кыздар, 20% эркек кишилер, калганын эркек жаш балдар болорун айтып талкуу жүрдү.

  • БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ
  • БИЗ АДАМ САТУУГА КАРШЫБЫЗ