AVN







СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ

СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
 Dec 1, 2023  249

Экономикалык-юридикалык факультетиинин, кылмыш-жаза укуктук дисциплиналар кафедрасынын окутуучусу Кошалиева Зарина Айдаралиевна юриспруденция адистигинин студенттери үчүн  өлкөбүздүн сот тутуму туурасында маалыматтуулугун жогорулатуу жана сот ишмердиги боюнча практикалык түшүнүк берүү максатында  Жалал-Абад облустук сот Адилеттик үйүнө экскурсия уюштурду.

Жалал-Абад облустук сотунун төрагасы Каныбек Токтосун уулу Жалал-Абад шаарында жаңы колдонууга берилген Сот адилеттик үйү туурасында,  өлкөбүздө жүрүп жаткан сот-укуктук реформа жана судьялардын кызматтык милдеттери жөнүндө маалымат берди жана студенттер менен маек куруп, насааттарын айтып, алардын кызыктырган суроолоруна кеңири жооп берди. Төрага студенттерди сот отурумуна катышып, сот жыйыны кандай өткөрүлө тургандыгын көрүүнү сунуштады.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облустук сотунун төрагасынын орун басары Омурлан Тункатаров, судьялар Улукбек Мукамбетов жана Курал Эстебесовдор дагы студенттерге фемида өкүлдөрүнүн кылмыш жаза ишин кароонун процесстик тартиби туурасында айтып беришти. Ал эми Омурлан Тункатаров соттордогу аудио жана видео жаздыруу системасынын иштөөсү жана сот отурумунун жүрүшү боюнча түшүндүрмө берди.

Ошондой эле студенттер жарандык жана кылмыш иштер боюнча ачык сот отурумдарына катышты.

Иш чаранын соңуда төрага Каныбек Токтосун уулу студенттерди ата -энелеринин үмүтүн актап жакшы окууга, өлкөбүздүн мыйзамдарын бекем сактоого чакырды.

  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ
  • СОТ АДИЛЕТТИК ҮЙҮНӨ ЭКСКУРСИЯ