AVN

КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АР ТҮРДҮҮ БАГЫТТА КЫЗМАТТАШАТ

КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АР ТҮРДҮҮ БАГЫТТА КЫЗМАТТАШАТ
 Nov 29, 2023  371

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин (мындан ары - Кыргызпатент) түштүк аймактар аралык бөлүмү тарабынан “Интеллектуалдык менчик жана инновациялар маселелери” деген темада конок лекция болуп өттү.

Конок лекцияга ЖАМУнун профессордук-окутуучулар курамы, ойлоп табуучулары, автордук күбөлүктөрдүн ээлери, аспиранттар, магистранттар, студенттер, стартап командалар жана областтык, шаардык, райондук ведомстволордон өкүлдөр катышышты.

Иш чараны ЖАМУнун ректору техника илимдеринин доктору, профессор Усенов Кеңешбек Жумабекович ачып, Кыргызпатент мекемесинин орду жана ролу жөнүндө түшүндүрмө берип, кызматташтык мындан ары да бекемделип, Кыргызпатент менен ЖАМУнун бирдиктүү ишмердиги тыгыз байланышта улантылаарын белгилеп өттү.

Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн башчысы Жантаев Чингиз Гульджигитович келген коноктор менен тааныштырып, Интеллектуалдык менчик объектилерин укуктук коргоо боюнча маалымдуулукту жогорулатуу жана интеллектуалдык менчик объектилерин каттоо маселелери боюнча билимди жогорулатуу максатында Кыргызпатент жогорку окуу жайларда конок лекцияларды өткөрүп жаткандыгын белгилеп, окуу жайдын профессордук-окутуучулар курамынын жана интеллектуалдык менчик жаатында университет менен стратегиялык негизде биргелешип студенттердин квалификациясын жогорулатуу маселелери чечилээрин билдирди.   

Адилов Тимур Марильевич - Кыргызпатенттин экспертиза башкармалыгынын башчысы, Мустапакулова Айсулуу Пайгамбаркуловна - Кыргызпатенттин инновациялар жана стратегиялык өнүгүү бөлүмүнүн башчысы, Кудайбердиева Гульбара Нишанбаевна - Кыргызпатенттин автордук жана чектеш укуктар башкармалыгынын башчысы, Курмушуева Жаркынай Кудайбердиевна - Кыргызпатенттин информациялык технологиялар секторунун жетектөөчү адиси, Абышбаев Бакытбек Мааметович - Кыргызпатенттин өнөр жай менчиктеринин эксперти бөлүмүнүн башкы адиси, Мусуралиев Руслан Абдиларисович - Кыргызпатенттин интеллектуалдык менчик укуктарын ишке ашыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси,  Кыргызпатенттин түштүк аймактар аралык бөлүмүнүн Жалал-Абад облусундагы башкы адиси Баймырзаева Айнагүл Иманбековна жана Ош шаарынан Алмаз Алымкуловдор катышышты. Кыргызпатенттин адистери тарабынан “Ойлоп табууларды, пайдалуу моделдерди жана өнөр жай үлгүлөрүн укуктук коргоо”, “Кыргызпатенттин инновациялык ишмердүүлүгү”, “Товардык белгилер”, “Интеллектуалдык менчик объектисин каттоого өтүнмөнү электрондук түрдө берүү шарттары”, “Интеллектуалдык менчик объектилеринин укуктарын коргоо ыкмалары”, “Автордук укук жана чектеш укуктар объектилерин каттоо” аталышындагы баяндамалар жасалып, мисалдар келтирилди жана бул багытта кеңири маалыматтар берилди.                                                                                                               Белгилей кетсек, Кыргызпатент тарабынан жарыялаган «StartUp Students» конкурсуна ЖАМУдан 33 стартап долбоор жөнөтүлүп, 2 стартап долбоор финалдык баскычка өткөн, “МультStudio” (Абдикамилова А., Маматов А., жетекчиси Тажибаева Д.Т.) жана “SmartBag” (Абдирашитова Э., Акматилла кызы А., жетекчилери Б.Н.Алымкулов, Н.Мамажунусова). Сынактын жыйынтыгында Кыргызпатенттин баалуу сыйлыктары III орунду ээлегендиги үчүн – «МультStudio» стартабы менен Абдикамилова Алия, Маматов Асланбектерге жана сынакка активдүү катышкандыгы үчүн сертификаттар “SmartBag” стартабынын ээлери Абдирашитова Элнура жана Акматилла кызы Аселдерге тапшырылды.                                                         

Иш чаранын жыйынтыгында эксперттерге угуучулар тарабынан кызыктырган суроолор берилип, тиешелүү жооптор алынды. Кыргызпатент ЖАМУ менен ар түрдүү багытта кызматташаары белгиленди - деп билдирди ЖАМУнун Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун жетекчиси - Б.Н.Алымкулов.

  • КЫРГЫЗПАТЕНТ МЕНЕН Б.ОСМОНОВ АТЫНДАГЫ ЖАЛАЛ-АБАД МАМЛЕКЕТТИК УНИВЕРСИТЕТИ АР ТҮРДҮҮ БАГЫТТА КЫЗМАТТАШАТ