AVN







ИСЛАМ ДИНИН ЖАРАЛЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ

ИСЛАМ ДИНИН ЖАРАЛЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ
 Nov 28, 2023  237

Т-1-21 тайпасында "Дин таануу" предметинен тарых кафедрасынын улук окутуучусу Ж.Т.Рысбаева "Дүйнөлүк диндер. Ислам дини" деген темада ачык практикалык сабак өттү.  Негизинен Ислам динин жаралышы жана өнүгүшү, кыргыздарга ислам дининин таралышы, ислам динин кыргыз элинин маданиятына жана каада-салтына тийгизген таасири деген суроолор студенттер тарабынан талкууга алынды. Эгемен Кыргызстандын мыйзамдарында динге карата кандай эркиндик жана тартиптер каралгандыгы тууралуу студенттер баяндамаларды жасашты. Дин эркиндигинин шартында диний радикализм жана фундаментализмдин кандай коркунучу бар экендиги ар түрдүү кызыктуу пикирлерди жаратып, студенттер ал суроолорду терең талдоого жетишишти. Динге карата студенттерде илимий, аң сезимдүү көз караш калыптанып, ар кандай диндерге жана ар кандай диндерди тутунган жараандарга карата толеранттуу мамиледе болуу керек экендигин түшүнүштү. Сабакка кафедранын жетекчиси Г.А. Анарбаева, кафедранын окутуучулары Ш.Б.Атабекова, М.К.Умарова, К.Тайчиковтор катышып, сабак боюнча жана студенттердин активдүүлүгү боюнча жакшы пикирлерин билдиришти.

  • ИСЛАМ ДИНИН ЖАРАЛЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ
  • ИСЛАМ ДИНИН ЖАРАЛЫШЫ ЖАНА ӨНҮГҮШҮ