AVN







АЯЛДАР ЖАНА ВИЧ

АЯЛДАР ЖАНА ВИЧ
 Nov 28, 2023  164

1-декабрь ”Бүткүл дүйнөлүк ВИЧ/СПИДке каршы күрөшүү күнүнө” карата Жалал-Абад шаарында жайгашкан орто жана жогорку  окуу жайлардын студенттери арасында  «Аялдар жана ВИЧ!»  темасында театралдаштырылган көркөм көрсөтүү болуп өттү .

Иш чараны Жалал-Абад облустук КЖВГ жана ВИЧти көзөмөлдөө борборунун директору Э.А.Сатарова ачып берди жана конкурстун максаты тууралуу айтып берди

 Конкурстун максаты:

1.Коомчулуктун, акыркы учурда ВИЧ илдетине чалдыккан аялдардын санынын өсүшүнө гендердик теңсиздиктин, зордук-зомбулуктун тийгизген таасирине көңүл буруу, коомчулук тарабынан кабыл албоо, аялдарга камкордук, колдоо көрсөтүүнү күчөтүү.

2.Жаштарды гендердик теңдүүлүктү сактоого тарбиялоо, аялдардын укуктарын урматтоо жана ВИЧ оорусуна байланыштуу аялдарды басмырлоого жол бербөө.

Катышкан командалар   театралдаштырылган көрсөтүү, чыгарма гендердик теңсиздик, аялдарга болгон зордук зомбулук жана аялдарды колдоо, даңазалоо, камкордук көрүүнү ВИЧ/СПИД темасы аркылуу чагылдырып беришти эң мыкты дегендер алдынкы орундарга ээ болушту.

Конкурка медицина факультетинин  командасы катышып 3-орунду алып келишти дейит  медициналык пункттун дарыгери Ибраимова Нурсулуу

  • АЯЛДАР ЖАНА ВИЧ
  • АЯЛДАР ЖАНА ВИЧ
  • АЯЛДАР ЖАНА ВИЧ