AVN







“ЗАМАНБАП ИЛИМДИН ПАРАДИГМАСЫ ЖАНА ИННОВАЦИЯЛЫК ТЕХНОЛОГИЯЛАР”

 Nov 28, 2023  219

      Б.Осмонов атындагы  ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинде 2023-жылдын 15-ноябрында  “Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар ” аталыштагы илим жумалыгы жыйынтыкталып,   мыкты илимий баяндамачыларга, предметтик олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө жана студенттик ийримдердин иштерин чагылдырган көргөзмөнүн жеңүүчүлөрүнө I,II,III даражадагы дипломдор, Ардак грамоталар тапшырылды.

     “3D моделдөө жана робототехника” студенттик ийрими I даражадагы Дипломго, “Жаш физик” ийрими II даражадагы Дипломго, “Бүчүр” жана “Епсилон” студенттик ийримдери III даражадагы Дипломдорго ээ болушту.            Факультеттин деканы, философия илимдеринин доктору, профессор Г.С.Токоева жумалыкта өздөрүнүн илимий жетишкендиктерин көрсөткөн студенттик ийримдерин жетекчилерин жана студенттерди куттуктады. Жумалыкты өткөрүүгө салым кошкон бардык кафедра башчыларына, профессордук-окутуучулук курамга мындан аркы илимий иштерине ийгиликтерди каалап өттү.