AVN







ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР

ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР
 Nov 27, 2023  181

Илим жумалыгында пландаштырылган иш чаралардын алкагында  тарых илимдеринин кандидаты,  доцент Э.А.Авазов ОшМПУнун гуманитардык факультетинде конок лекция өтүп келди. Түзүлгөн программага ылайык алгач тарых тайпаларындагы усулияттык семинарда  “Кыргызстандын тарыхынын теоретикалык методологиялык негиздери” деген аталышта  лекция окуду. Иш чараны гуманитардык факультеттин деканы, соц. ил.,к., доцент Н.Маткаримов ачып, доцент Э.А.Авазовдун ишмердүүлүгү менен учкай тааныштырып, ийгиликтерди каалады. Лектор тарабынан учурдагы кыргыз тарыхнаамасындагы актуалдуу маселенин көтөрүлүп жатышынын себептери, анын абалы ж.б. жагдайлары кеңири ачып берилди. Семинардын жүрүшүндө студенттердин тарых илиминин теориялык-методологиялык маселелери боюнча  кызыктырган суроолоруна жооп берип, болочоктогу  изилдөөчүлөргө сунуштарын жолдоду. Лекцияга аталган тарых кафедрасынын окутуучулары  катышып, бул жаатта кызматташууну улантууга кызыкдар экендиктерин билдиришти.

Андан соң аталган факультеттин социалдык иштер профилинде окуган студенттерге “Кыргызстанда социалдык иштердин калыптанышы жана өнүгүшү” деген темада кызыктуу лекция окуп берди. Эске салсак, доцент Э.А.Авазов аталган адистикти ачуунун демилгечиси болгондугу маалым. Бул  багытта аталган окумуштуунун  кыргыз тилиндеги бир катар окуу-усулдук колдонмолору   окуу жараянында колдонулуп келүүдө. Алардын катарында автордун өзү жана авторлоштукта жазылган “Үй-бүлө жана социалдык иштер. Окуу усулдук кодонмо маалыматтама” (1998), “Социалдык иштердин тарыхы жана теориясы боюнча кыскача лекциялар курсу” (2002), “Социалдык иштердин тарыхы жана теориясы. Кыскача сөздүк маалыматнаама” (2006), Социалдык иштердин теориясы. ЖОЖдор үчүн окуу куралы (2008)”  деген эмгектерин атоого болот.

    Соңунда доцент Э.А.Авазовго ОшМПУнун ректорунун ыраазычылык баракчасы тапшырылды.

  • ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР
  • ИЛИМ ЖУМАЛЫГЫНДАГЫ ИЗГИ ИШТЕР