AVN







ЖАМУнун студенттери Ош мамлекеттик университетинде

ЖАМУнун  студенттери  Ош мамлекеттик университетинде
 Apr 13, 2018  851

ЖАМУнун  Экономикалык-юридикалык  факультетинин  БЭк-1-15,БЭк-1-16 тайпаларынын студенттери 12-апрелде, ОшМУнун «Бизнес жана менеджмент» факультетине Академиялык мобилдүүлүк боюнча “Аудит” предмети боюнча,тажрыйба алмашуу максатында “Экономикалык билим берүү “ кафедрасынын доценти э.и.к. Эмил Төлөновдун жетекчилигинде барып келишти.

  “Аудит теориясы”, “Практикалык  аудит” предметтери боюнча лекцияларга катышты.  Ал эми ОшМУнун студенттери э.и.к., доцент Эмил Төлөновго өздөрүнүн суроолорун беришип, ортодо пикир алмашуу болду. Ошондой эле «Бизнес жана менеджмент» факультетинин деканы э.и.д., профессор Мирлан Убайдуллаев, ОшМУнун окуу иштери боюнча проректору Авазбек уулу Расул, тарбия иштер боюнча проректор Түмөнбай Колдошев менен жолугушуп, ОшМУ боюнча кеңири маалымат алышты.Биздин студенттер ОшМУнун материалдык-техникалык базасы менен таанышуу менен студенттерге кичи концерт коюууга жетишишти.