AVN







АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ

АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
 Nov 27, 2023  252

Үч миң жылдык тарыхы бар, IX-X кылымдарда Улуу Кыргыз каганатын курган кыргыз эли кылымдар бою мамлекеттүүлүк идеясын туу тутуп келген. Бул идея кыргыздардын дүйнө таанымынын негизи болуп, "Манас" эпосунун жана элдин бүтүндөй рухий мурасынын өзөгүн түздү. Эгемендик мүдөөсү урпактардан урпактарга мурас болуп келди.

Тарыхтын жана дүйнөнүн өзгөрүшүнө жол ачкан Улуу Октябрь Социалисттик революциясынын жениши XX кылымдын башында Россиянын таасирине кирген элдер үчүн тагдыр чечүүчү мааниге ээ болду.

1916-жылдагы улуттук-боштондук көтөрүлүштөн кийин Октябрь революциясы кыргыз элине өзүнүн мамлекетин кайра жаратууга шарт түздү.

Акыркы жылдары совет мезгилинде кетирилген тарыхый каталарды аңдап түшүнгөн сайын бул күн өзүнүн мурдагы маанисин жоготуп баратат. Ал эми Россия Федерациясында 7-ноябрь расмий белгиленбейт. "Октябрь революциясы" деген термин расмий документтерде "1917-жылдагы октябрь окуялары" деген түшүнүк менен алмаштырылууда.

Совет мезгилиндеги жетишкендиктер менен катар эле "октябрь окуяларына" "Россиянын каргашалуу тажрыйбасы" катары баа берилип, "эбегейсиз жоготуулар", "маданий тажрыйбанын жоготулушу, муундар ортосундагы байланыштардын үзүлүшү", "куугунтуктоолор", "калктан билимдүү катмарынын эмиграциясы", "сүргүнгө айдалгандардын жана кулакка тартылгандардын курмандыктары", "массалык репрессиялар" менен мүнөздөлөт. Ошол жылдары Кыргызстан эли да чоң жоготууларга учурады. Касым Тыныстанов, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Жусуп Аюдрахманов, Абдыкерим Сыдыков, Төрөкул Айтматов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев жана улуттук интеллигенциянын башка таанымал өкүлдөрүнө, көрүнүктүү чарба кызматкерлерине жана мамлекеттик ишмерлерге карата репрессиялар жаш кыргыз совет республикасынын өнүгүүсүнө кедергисин тийгизген. Репрессия курмандыктарынын көбүнүн тагдыры бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Тарыхтын мына ушундай урунттуу учурларын, ата-бабалардын эрдиктери менен ишмердүүлүктөрүн эскерип туруу азыркы муундун парзы.

2017-жылдан бери 7-8-ноябрь күндөрү Кыргыз Республикасында “Ата-бабаларды эскерүү” күнү катары белгиленип келүүдө.

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Тарых кафедрасынын жамааты жана студенттери 2023-жылдын 2-ноябрь күнү Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин борбордук китепканасынын окуу залында “Ата-бабалар басып өткөн жол жаштарга үлгү” аталышындагы тегерек стол уюштурду.

Анда кафедранын окутуучулары К. Айдаркулов, Г. Анарбаева, Ш. Атабекова, Ж. Рысбаева, Э. Авазов, К. Халматовдор жана студенттер Мамасалиева Сайкал, Солтонбекова Нурайым ж.б. кызыктуу илимий макалаларын баяндап беришти. Иш-чара кызыктуу суроо-жооптор менен коштолду. Тарых кафедрасынын жамаатына жана студенттерине ийгиликтерди каалайбыз!.

  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ
  • АТА-БАБАЛАР БАСЫП ӨТКӨН ЖОЛ ЖАШТАРГА ҮЛГҮ