AVN







АДАМДАРДЫ САТУУ ЖАНА СООДАЛОО

АДАМДАРДЫ САТУУ ЖАНА СООДАЛОО
 Nov 27, 2023  187

Адамдарды сатуу жана соодалоо  деген темада куратордук ачык сабак өтүлдү. Студенттер адам сатууга каршы баяндамаларды жасап талкуулар менен коштолду.

Кыргыз Республикасынын Кылмыш- жаза кодексинин 166 беренеси боюнча маалыматтар көрсөтүлдү.

БУУнун берген маалыматы боюнча, адам сатуучулардын курмандыктары болуп 70% аялдар, анын ичинен 20% жашы жете элек кыздар, 20% эркек кишилер, калганын эркек жаш балдар болорун айтып талкуу жүрдү. Адам сатуучулар мыкты психолог болушат жана адамдын ишенимине кирүү үчүн эмне деп айтышты, кандай аракеттерди жасашты жакшы билишерин жана алдын алуунун бир нече ыкмаларын колдонушаары жөнүндө маселелерди ортого салышты.

МБ жана МД кафедрасынын окутуучусу  Женишбек уулу.Жаныбек. ЛДи-2-3- 22 тайпасы.

  • АДАМДАРДЫ САТУУ ЖАНА СООДАЛОО