AVN







ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...

ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
 Nov 24, 2023  367

2023-жылдын 20-21-22-ноябрь күндөрү ОшМУ Кыргызстандагы жогорку окуу жайлардын консорциумунун провайдери катары окуу жайдын базасында «Elsevier» компаниясы менен биргеликте “Илимий долбоорлор жана басылмалар үчүн Scopus жана SciVal куралдарын кантип колдонуу керек” деген темада семинар-тренинг өткөрдү. Тренингге ОшМУ, БатМУ, ЖАМУ, КӨЭУ, ОшТУ, ОшМПУнун китепкана, илим жана рейтинг бөлүмдөрүнүн кызматкерлери, IT адистери, профессордук-окутуучулук курамы чакырылган. Б.Осмонов атындагы ЖАМУдан илимий иштер жана инновациялар боюнча проректору т.и.к., доцент С.Ж.Куваков, б.и.д., профессор З.И.Сакбаева, э.и.к. доцент, Э.Н.Төлөнов, СжББИТБ башчысы А.М.Термечикова, Окумуштуу катчы Ырысбай кызы С., Жаш окумуштуулар кеңешинин төрагасы З.А.Кошалиева, Тестирлөө жана билим сапатын баалоо борборунун жетекчиси А. Ж.Жолонбаевалар катышып келишти.

Анда «Elsevier» компаниясынын Борбордук Азия жана Азербайжан боюнча консультанты Рабига Хожамкул катышуучуларга илимий долбоорлор жана басылмалар үчүн Scopus жана SciVal куралдары, издөө, авторлорду алдыга жылдыруу, индекс Хиршасын жогорулатуу жана илимий башкаруу боюнча маалыматтар менен бөлүшүп, катышуучулардын ушул багытта берилген суроолоруна жоопторду берди.

Үч күндүк семинар-тренингден соң ОшМУнун базасында “Scopus Research Hub” ресурстук борбордун ачылыш аземи өттү. Борбордун ачылуу аземине “Elsevier” эл аралык маалыматтар базасынын глобалдык стратегиялык тармактар боюнча вице-президенти Марат Фатхуллин баштаган өкүлдөр, Informascope компаниясынын директору Чинар Киванч, ректор Кудайберди Кожобеков жана түштүк регионундагы ЖОЖдордун ректорлору катышты.
Иш-чаранын алкагында Scopus эл аралык маалыматтар базасын пайдалануу боюнча презентация жасалды. ОшМунун “Scopus Research Hub” ресурстук борборунун кызматынан Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарындагы ЖОЖдордун окутуучулары пайдалана алышары айтылды.

  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...
  • ИЛИМГЕ КАРАЙ АЧЫЛГАН ЖОЛ...