AVN







ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЗДЕНҮҮЧҮ, МАГИСТРАНТТАРДЫН КАТЫШУУСУНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ

ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЗДЕНҮҮЧҮ, МАГИСТРАНТТАРДЫН КАТЫШУУСУНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
 Nov 24, 2023  187

 Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында илим күнүнө арналган иш-чаралардын графигине ылайык кафедранын изденүүчүлөрү жана магистранттарынын катышуусунда семинар болуп өттү.

«Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын иш планына ылайык, изденүүчүлөр жана магистранттар үчүн ар бир айда өткөрүлүүчү семинар лабораториянын жетекчиси проф. К.С.Алыбаев тарабынан өткөрүлдү.

М.Н.Нурматова “Сингулярдык козголгон теңдемелер теориясында туруктуулуктун жоголушун узартуу кубулушу” темасында (илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев),  ФМББ(М)маг-1-22 тайпасынын магистранттары Көчкөнбаева Айкөкүл “Заманбап платформаларды интерактивдүү усулдарга колдонуу” темасында (илимий жетекчиси: п.и.к., доц. А.Ураимхалилова), Маманова Махлиё “Экономика багытындагы кесиптик билим берүүдө математиканы окутуу” темасында (илимий жетекчиси: п.и.к., доц. Ж.А.Аванова), Асан кызы Айданек “Комплекстик областтагы сингулярдык козголгон Бернуллинин теңдемеси” темасында (илимий жетекчиси: ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаев) доклад жасашып, кызуу талкуу болду.

Семинарга  “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессору К.С.Алыбаев, доц. А.Ураимхалилова, Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин илимий иштер боюнча декандын орун басары, доц. Г.Рыскулова, кафедранын окутуучулары Н.Мусакулова, М.Бекназарова жана ФМББ(М)маг-1-22 тайпасынын магистранттары катышышты.

  • ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЗДЕНҮҮЧҮ, МАГИСТРАНТТАРДЫН КАТЫШУУСУНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
  • ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЗДЕНҮҮЧҮ, МАГИСТРАНТТАРДЫН КАТЫШУУСУНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ
  • ИЛИМ КҮНҮНӨ КАРАТА ИЗДЕНҮҮЧҮ, МАГИСТРАНТТАРДЫН КАТЫШУУСУНДА СЕМИНАР БОЛУП ӨТТҮ