AVN







ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА

ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА
 Apr 13, 2018  820

 ЖАМУнун “Медицина” факультетинде 11-апрель күнү окуу жайдын 95 жылдык юбилейине карата тегерек үстөл болду. Тегерек үстөл “Фармация” кафедрасы тарабынан уюштурулуп, “Фармация адистигинин өнүгүү этаптары” темасы алдында өткөрүлдү.

    “Фармация” адистигинде билим алып жаткан бардык студенттер жана окутуучулар катышып, адистиктин жетишкендиктери жана кемчиликтери талкууланды. Жогорудагы кафедранын башчысы б.и.к. доцент Ж. Орозбаева кафедра 8 жыл мурда ачылып, буга чейин 33 студент атайын адистикке ээ болсо, учурда 100 жакын жаштар билим алууда. Студенттердин заманбап билим алуусуна шарт түзүү максатында кафедрага медициналык жабдуулар алынууда. Андан сырткары Казакстан Республикасынан профессор, доценттер менен иш алып баруудабыз. Окуу жайга бирден бир керектүү болгон лабораториялар ачылууда. Атап айтсак  “Фитофармацефт” илимий-изилдөө лабораториясы ачылып, 4 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.  ЖАМУнун 95 жылдык юбилейине карата илимий-изилдөө лабораториялар арасында сынак жарыяланып, ага аталган лаборатория катышкан. Жыйынтыгында 3-орунду ээлегенин тегерек үстөлдүн катышуучуларына кабарлап,куттуктады.

   Иш чарада студенттер тарабынан бир катар баяндамалар жасалып, талкуулар жүрдү. Ошондой эле заманбап техникалар менен камтылган окуу жайдын өздүк клиникасын ачууну сунуш беришти.     

  • ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА
  • ӨЗДҮК КЛИНИКА АЧУУ СУНУШТАЛУУДА