AVN







А. Жусупбеков - көрүнүктүү фольклорист, акын жана окумуштуу

А. Жусупбеков - көрүнүктүү  фольклорист,  акын    жана   окумуштуу
 Apr 17, 2017  1154

Жакында   ЖАМУда  ‘’А.Жусупбеков—көрүнүктүү  фольклорист,  акын    жана   окумуштуу ,  аттуу  адабий  кече  болуп өттү.  Иш-чара  ЖАМУнун “мамлекеттик тил бөлүмүнүн”  демилгеси  менен  филология  факулътетинин  кыргыз, дүйнөлүк  элдер  адабияты жана  журналистика,  кыргыз тили  кафедраларынын  окутуучулары,  студенттери менен  бирдикте уюштурулду.  Кыргыз , дүйнөлүк   элдер  жана  журналистика  кафедрасынын  ага окутуучусу  Аманкелди  Шерипбаев  “ А. Жусупбеков—көрүнүктүү  фолъклорист  акын  жана  окумуштуу’’ деген темада  мазмундуу баяндама  жасады.  Жолугушууда  адабиятчылар  филол.и.д. профессор А.Эшиев, доцент Д.Чокоевалар  Асанбай Жусупбековтун  акындык  чыгармачылыгы  тууралу  жакшы  пикирлерди  айтышты.      

Кеченин  жүрүшүндө  акындын  ырларын  студенттер  көркөм  окуп , адабият, маданият, ыймандуулук  маселелер тууралу  суроолорго  жооптор  алынды. Кеченин акырында  филология  факулътетинин деканы,ф.и.к.доцент   Орозбаева Гулбарчын  Абдумажитовна  белгилүү  акын, КРнын  маданиятына  эмгек синирген   ишмер  А.  Жусупбековго  чыгармачылык  ийгилик  каалады.   Кечени  ЖАМУнун  мамлекеттик  бөлүмүнүн  башчысы  К.  Калчекеев  алып  барды.