AVN







“ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ

“ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
 Nov 20, 2023  192

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун чоң жыйындар залында “Жаштар жумалыгынын” алкагында ЖАМУнун факультеттери жана колледждеринин студенттеринин арасында "Даанышман" интеллектуалдык оюну өткөрүлдү.

Интеллектуалдык оюндун максаты – ЖАМУнун студенттеринин сергек жашоо образын калыптандыруу интеллектуалдык деңгээлин көтөрүү. Таймаш аркылуу алдыда дагы бирдикте университет үчүн пайдалуу жана актуалдуу иш-чараларды уюштуруу болуп эсептелет.

Оюн жогорку деңгээлде өткөрүлүп, жалпысынан 5 оюнчудан турган 4 команда катышышты. Оюн 3 багыттан (тарых, логика, белгилүү инсандар) туруп, жыйынтыгында дипломдор, сыйлыктар жана "Мыкты оюнчу" студент номинациясы өз ээсин тапты.

Оюн жыйынтыгы төмөндөгүчө болду:

1-орун "Эверест" (ФФ)

2-орун "Anti morby" (МФ)

3-орун "Биримдик" (ЭЮК)

"Мыкты оюнчу" номинациясынын ээси - Азимбекова Айзат (ФФ)

Ошондой эле оюнга активдүү катышкан командаларга дипломдор жана белектер ыйгарылат.  Сыйлыктар өз ээлерине 17-ноябрь күнү ЖАМУнун Студенттер күнүнө карата өткөрүлүүчү иш-чарада салтанаттуу түрдө тапшырылат.

  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ
  • “ДААНЫШМАН” ИНТЕЛЛЕКТУАЛДЫК ОЮНУ