AVN

«StartUp Students» долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды

«StartUp Students» долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды
 Nov 20, 2023  313

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Интеллектуалдык менчик жана инновациялар мамлекеттик агенттиги,  Кыргызпатент тарабынан жарыяланган «StartUp Students» конкурсуна катышууга Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студенттери тарабынан 33 стартап долбоор жазылып, өтүнмөлөр жөнөтүлгөн. Алдын ала өлкөбүздүн жалпы ЖОЖдорунан мыкты 11 стартап долбоор тандалып, ЖАМУдан 2 стартап долбоор финалдык баскычка чыкты. Алар: ЖАКтын студенттери, Абдикамилова Алия, Маматов Асланбек (жет.Тажибаева Д.Т.) тарабынан “МультStudio” жана ЭЮФтун Юриспруденция адистигинин студенти Абдирашитова Элнура жана ЖАКтын студенти Акматилла кызы Асель (жет.Алымкулов Б.Н., Мамажунусова Н.С.) тарабынан даярдалган “SmartBag” стартабы. 2023-жылдын 15-ноябрында Инновациялык борбордо Кыргызпатент тарабынан өткөрүлгөн «StartUp Students» конкурсунун финалы болуп өттү. Алгач, Кыргызпатенттин директору Рахат Керимбаева өз сөзүндө, Кыргызпатент тарабынан конкурстарды өткөрүү жолу менен стартаптарды колдоо үчүн ар кандай долбоорлор ишке ашырылып жатканын, ошондой эле бүгүнкү иш-чара республиканын бардык региондорундагы студенттердин стартап-долбоорлоруна дем берүү, жаштардын ойлоп табуучулук жана инновациялык ишмердүүлүккө кызыгуусун жана активдүүлүгүн жогорулатуу максатында өткөрүлүп жатканын белгилеп өттү. Иш-чарада алдын ала тандоонун жыйынтыгы боюнча финалга чыккан 11 стартаптардын ээлери өздөрүнүн долбоорлорун тааныштырышты. Финалисттерге берилген 5 мүнөттүн ичинде алар өз долбоорлорунун көйгөйлөрүн, чечимдерин, инновациялуулугун жана концепциясын өздөрүнүн презентациялары аркылуу көрсөтүштү. Конкурстук комиссия тарабынан ар бир катышуучуга кесиптик баа берилип, студенттерге стартап долбоорлорун ишке ашыруу үчүн кеңештер жана сунуштар айтылды. Комиссиянын чечиминин жыйынтыгы боюнча Кыргызпатенттин баалуу сыйлыктары менен төмөнкү 3 стартап-долбоорлордун ээлери сыйланышты: I орун – «Санариптик технологияны колдонуу менен жүрөк жетишсиздигин эрте белгилөө жана анын өнүгүшүн алдын алуу» стартабы менен Имран Мустафа, «АДАМ» университетинин студенти; II орун – «Диурезди жана заара агымынын ылдамдыгын өлчөөчү аспабы» стартабы менен Харитонов Максим, И.Ахунбаев атындагы КММАнын студенти; III орун – «МультStudio» стартабы менен Абдикамилова Алия, Маматов Асланбек (жет.Тажибаева Д.Т) Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун студентери. Биз бул жеңишибизди Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун 100 жылдык маарекесине арнайбыз деп билдирди Бизнести колдоо жана өнүктүрүү борборунун (Бизнес-инкубатор) директору Б.Н.Алымкулов.

  • «StartUp Students» долбоорунун жеңүүчүлөрү аныкталды