AVN







БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ, ЭРТЕҢКИ АДИС

БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ, ЭРТЕҢКИ АДИС
 Apr 13, 2018  854

Жалал-Абад колледжинин “Педагогика” бөлүмүнүн “Башталгыч класстарда окутуу” адистигинин БКМб – 2-15, БКМб – 3-15, БКМб – 01-16 тайпалырынын студенттеринин мамлекеттик практикасы боюнча жыйынтыктоочу конференция болуп өттү.

     Конференцияда практика учурунда жетишкен ийгиликтерин ортого салып, талкуулашты. Ал эми студенттер алган билимдерин практика учурунда колдонуп, бөлүнгөн мектептерде кесипкөйлүгүн көргөзүп айрым студенттер “Ардак” громата менен сыйланышкан.

     Практиканын жыйынтыгында Жалал-Абад шаарынын  Б. Осмонов атындагы №5 мектеп-гимназиясына   БКМб – 2-15 тайпасынын студенти      В. Кубатбекова башталгыч класстын мугалими катары  2а – класска класс жетекчи болуп жумушка кабыл алынган.

     Мамлекеттик практикага жаштарды чыгаруунун максаты, алардын жумуш менен камсыз болуусуна жол ачуу, көмөк көргөзүү болуп саналат. Ушул учурда айрым дилгир студенттерибиз жумуш менен камсыз болуп жатканы биз үчүн сыймык жаратат – дейт  практика бөлүмүнүн башчысы    М. Мамбетова.

  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ, ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ, ЭРТЕҢКИ АДИС
  • БҮГҮНКҮ СТУДЕНТ, ЭРТЕҢКИ АДИС