AVN







КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ

КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
 Nov 17, 2023  191

2023-жылдын 10-октябрында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин тарых кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын жана студенттердин катышуусунда -  Инсан таануу маселелери: "Кубат бийдин кыргыз тарыхында ээлеген орду" аталышында тегерек стол болуп өттү. Тегерек столдо кафедранын доценти, тарых илимдеринин кандидаты, Э.А.Авазов, тарых илимдеринин кандидаты, ага окутуучу К.А.Халматов, Т-1-20 тайпасынын студенти А.Орозбекова (илимий жетекчиси, тарых илимдеринин кандидаты, доцент Г.А.Анарбаева) кызыктуу илимий баяндама жасашты, Т-1-23 тайпасынын студенти Нурайым Солтонбекова Баатырлар жөнүндө ыр саптарын окуп, катышуучулардын купулуна толду. Ошондой эле, бул иш чарага "Кубат бий фондунун" төрагасы Суран Өмүрзаков, ЖАМУнун ардактуу профессору К.Туманов, техника илимдеринин доктору, профессор А.Аширалиев жана Сузак районунун ардактуу атуулу, Кубат бий фондунун өкүлү Абдыкаар Балтабаевдер конок катары катышышып, уюштуруучуларга ыраазычылык билдирип өздөрүнүн омоктуу ойлору менен бөлүшүштү. Жыйындын соңунда резолюция кабыл алынып, тарыхый инсандарды даңазалап, алардын мисалында жаштарды патриоттулука жана ата мекенди  сүйүүгө үндөөгө чоң  салым кошоорун баса белгиленди.

  • КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
  • КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
  • КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
  • КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ
  • КУБАТ БИЙДИН КЫРГЫЗ ТАРЫХЫНДА ЭЭЛЕГЕН ОРДУ