AVN







РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
 Nov 17, 2023  186

       Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин чет(немец) тили адистигинин, Нт-1-20 тайпасынын студенттери, 11(он бир) жумалык мамлекеттик кесиптик-профилдик практикасын Немец тили окуу борбору жана ФФнын немец тили жана факультеттер аралык чет тили кафедрасында практикаларын  өз учурунда жол картанын негизинде өтөп жатышат.
16-ноябрь  күнү практика жетекчилери студенттер менен биргеликте рефлекциялык конференция  өткөрүштү.
    Бул рефлекциялык конференциянын максаты, студенттер менен практика жетекчилеринин байланышын чыңдоо, практика учурунда туш болгон көйгөйлөрдү, практиканттарга түзүлгөн жол картанын негизинде иштөөнү, күндөлүк сабактын планын жазуу, анализ, отчёт жана башка иш кагаздарын толтурууда жакындан жардам көрсөтүү.
Конференциянын жыйынтыгында, практикант студенттер, практика учурунда жаралган баардык суроолоруна жетекчилерден жооп ала алышты.

  • РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
  • РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ