AVN







БАКАЛАВРИАТТЫН ТАРЫХ ПРОФИЛИНИН НББПСЫ БОЮНЧА ӨЗДҮК БААЛОО ӨТКӨРҮҮ

БАКАЛАВРИАТТЫН ТАРЫХ ПРОФИЛИНИН НББПСЫ БОЮНЧА ӨЗДҮК БААЛОО ӨТКӨРҮҮ
 Nov 17, 2023  140

2023-2024-окуу жылында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-февралындагы № 557/1 “Кыргыз Республикасынын Жогорку жана орто кесиптик билим берүү уюмдарында окутуунун кредиттик технологиясы боюнча окуу процессии уюштуруу» жөнүндөгү буйругуна ылайык, өзгөртүүлөр толуктоолор киргизилгендигине байланыштуу, 550400 Социалдык-экономикалык билим берүү. Бакалавриаттын тарых профилинин негизги билим берүү программасын (НББП) боюнча өздүк баалоо өткөрүү боюнча эксперт катары философия илимдеринин доктору, профессор Токоева Гулдана Самидиновна чакырылды.

Токоева Гулдана Самидиновна бакалавриаттын тарых профилинин негизги билим берүү программасын (НББП) 2021-жылдын 21-сентябрында КРнын билим берүү жана илим министрлигинин №1578/1 буйругунун негизинде негизги билим берүү программасына (НББП) өзгөрүүлөр, толуктоолор киргизилген жана ЖАМУнун окумуштуулар кеңешинин жыйынында каралып бекитилген. Ошондой эле НББПсында окутуунун максаты, компетенциялардын матрицасы, окутуунун жыйынтыгы (РО), дисциплинарлардын аннотациялары жана сырттан келген эксперттердин, стейкхолдерлердин рецензиялары, сунуштары, протоколдору, бүтүрүүчүнүн компетенттүүлүк модели, элективдүү курстардын каталогдорун камтыйт. НББПсы учурдагы талапка толук ылайык жооп берет.

  • БАКАЛАВРИАТТЫН ТАРЫХ ПРОФИЛИНИН НББПСЫ БОЮНЧА ӨЗДҮК БААЛОО ӨТКӨРҮҮ
  • БАКАЛАВРИАТТЫН ТАРЫХ ПРОФИЛИНИН НББПСЫ БОЮНЧА ӨЗДҮК БААЛОО ӨТКӨРҮҮ
  • БАКАЛАВРИАТТЫН ТАРЫХ ПРОФИЛИНИН НББПСЫ БОЮНЧА ӨЗДҮК БААЛОО ӨТКӨРҮҮ