AVN







Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду

Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду
 Nov 16, 2023  181

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын улуу окутуучусу, филология илимдеринин кандидаты Көчөрова Гүлүмкан Осмоновна Жалал-Абад шаарындагы №4 мектеп-гимназиясында кесиптик-профилдик практика өтөп жаткан  Кт-1-20 тайпасынын студенттерине “Инновациялык, интерактивдүү усулдардын жардамы менен окутуу”  деген аталышта семинар-сабак өттү.  Семинар-сабакка кызыккан мугалимдер да катышышты.

         «Инновация» - деген латын тилинен алынган «жаныдан киргизилген» деген маанини түшүндүрөт. Инновациялык процесси - бул жаны технологиянын жаралышы, иштелип чыгышы, колдонулушу жана жайылтылышы боюнча болгон комплекстүү ишмердүүлүк. Окутуудагы инновация ушул мезгилге чейин колдонулуп келген ыкмаларды, маалыматтык технологиянын талабына ылайык жаңылануу жолу менен «таанып билүү - түшүнө билүү - колдоно билүү» концепциясынын негизинде иш жүргүзүүнү талап кылат.

Интерактивдүү окутуу – бардыгынан мурда, бул мугалим менен окуучунун ортосундагы маектешүү, баарлашуу. Маектешүү педагогикалык кызматташтыктын негизинде жүргүзүлөт. Педагогикалык кызматташтык сабагын уюштурууда класста ишмердүүлүк жагдайын уюштуруу зарыл. Окуучулардын чыгармачылыгы мугалимдин көрсөтмөсү аркылуу уюштурулат.

         Интерактивдүү методдор: инсанга багыттап окутуу; педагогикалык кызматташтык; окутууну дифференцирлөө жана жекелештирүү; оюн технологиялары; маалыматтык-компьютердик технологияларды колдонуп окутуу.

Семинар-сабакта инновациялык методдорду жана окутуунун жаңы технологияларын пайдаланды. Акыркы жылдарда мугалимдердин интерактивдүү усулдарды активдүү колдонуунун натыйжасында окуучулардын  кызыгуусун  арттырып, билим берүүнүн сапаты жогорулаганы байкалып жатканын баса белгилеп өттү.

 Окуучулардын ой-жүгүртүүсүн өстүрүү үчүн сынчыл ойломдун стратегияларын жана өнүктүрүүчү усулдарын кеңири пайдаланды. Семинар -сабак абдан кызыктуу болду.Семинар-сабакка кызыккан мугалимдер да катышышты.

  • Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду
  • Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду
  • Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду
  • Базалык мектептертерде практиканттарга семинар-сабак уюштурулду