AVN







СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ

СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ
 Nov 16, 2023  211

10-ноябрда Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында илим күнүнө арналган иш-чаралардын ачылыш күнүндө “Студент жана илим” аттуу семинар болуп өттү.

«Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясынын иш планына ылайык, 2 жумада бир өткөрүлүүчү семинар лабораториянын жетекчиси проф. К.С.Алыбаев жана лабораториянын мүчөсү М.Нурматова тарабынан өткөрүлдү.

Студенттик курамдын мүчөлөрү ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенти Максуталиева Айгерим жана ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Кабилова Айзирек “Жөнөкөй бөлчөктөр биздин жашоодо”, ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенти Олжобаева Айжамал “Бизди курчап турган симметрия” темаларда доклад жасашты, кызуу талкуу болуп, жыйынтыгында катышуучулар менен бирге математика предметин окутуудагы көйгөйлөр аталып, кызуу дискуссия жаралды.

Семинарды факультеттин деканы проф.Г.С.Токоева, “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессору К.С.Алыбаев, “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын башчысы, проф. А.М.Джураев ачып, куттуктоо сөздөрүн айтуу менен ачып беришти. ЖАМУнун ректору, проф. К.Ж.Усенов семинардын жүрүшүнө катышып, студенттер менен баарлашууга мүмкүнчүлүк болду.

Семинарга проф. С.Сакиева, доц. С.М.Ажикулов, Г.Темирбаева, кафедранын окутуучулары С.Шарапов, Эрматали уулу Б., студенттерден түзүлгөн топтун мүчөлөрү катышышты.

  • СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ
  • СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ
  • СТУДЕНТ ЖАНА ИЛИМ