AVN

“ЕПСИЛОН” ИЙРИМИ ТАРАБЫНАН КӨРГӨЗМӨ УЮШТУРУЛДУ

“ЕПСИЛОН”  ИЙРИМИ  ТАРАБЫНАН  КӨРГӨЗМӨ  УЮШТУРУЛДУ
 Nov 16, 2023  205

Б. Осмонов атындагы  Жалал-Абад мамлекеттик университетинин

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү   кафедрасынын ага окутуучусу С.Шарапов жектеген  “Епсилон” ийрими  тарабынан  илим  күнүнө карата “Заманбап илимдин парадигмасы жана инновациялык технологиялар” аталышындагы  илим жумалыгынын алкагында көргөзмө уюштурулду. Көргөзмөдө ийримдин мүчөлөрүнүн  жетишкен  ийгиликтери, эмгектери жана жарыяланган илимий макалалары коюлду. Көрүүчүлөр  тарабынан  көргөзмөнүн уюштурулшу жылуу жана суктануу  менен  кабыл  алынды. Студенттердин  көпчүлүгү  ийримге мүчө болуп, тынымсыз изденүү жана  ийримде  алган билимдери менен  ийгилик жаратуу  максаттарын  билдиришти.  Студенттердин билим алуусуна жана изденүүсүнө  ийримдин салымы чоң экендиги  жана бул  багыттагы  ийримдерди көбөйтүү зарылдыгы  математика жана  математикалык моделдеширүү  кафедрасынын  башчысы ф.-м.и.д., профессор А.Джураев тарабынан  белгиленди.

Атайын  түзүлгөн  калыстар тобунун чечими менен математика жана математикалык моделдештирүү   кафедрасынын ага окутуучусу С.Шарапов жектеген  “Епсилон” ийрими илим жумалыгына активдүү  катышкандыгы үчүн 3-даражадагы   диплом  менен сыйланды.

  • “ЕПСИЛОН”  ИЙРИМИ  ТАРАБЫНАН  КӨРГӨЗМӨ  УЮШТУРУЛДУ