AVN







КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР

КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР
 Nov 15, 2023  175

Конфуций институтунун тил үйрөнүүчүлөрүнө «Кытай маданиятынан үзүмдөр» аталышындагы ачык сабак уюштурулду. Окутуучу Гао Шуанин кытай тили адистигинде окуп жаткан студенттерге кытай тилин, маданиятын терең үйрөтүү максатында кытай маданиятынын бир үзүмү болгон кытай каалоо салтын уюштурду. Мында ар бир студент өз каалоосун иероглиф менен хонжы кагаздарына сыя калем менен түшүрүштү. Жазылган каалоолорун аудиториянын дубалдарына илишип, үн чыгарып кайталап жатышты. Кытай элинин түшүнүгүндө жакшылыктарды каалоо, аны чын жүрөктөн айтуу сөзсүз  иш жүзүнө ашат.  

Ачык сабак учурунда суроо-жооп, талкуу уюштурулду. Студенттер кытай маданиятына байланышкан жаңы кытай сөздөрүнүн кепте кандай колдонулгандыгын, туура айтылышын үйрөнүштү. Кытай каалоо салтынын, көндүмүнүн, адатынын өзгөчөлүктөрү айтылып, терең пикирлешүү болуп, студенттер өздөрүнө керектүү маалыматтарды, оң таасирлерди ала алышты.

Конфуций институтунда ачык сабактардын графиги түзүлүп, ар бир окутуучу өзгөчө формадагы, акыркы инновациялык ык-усулдар менен сабактарды уюштуруп-өтүп жатышат. 

  • КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР
  • КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР
  • КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР
  • КОНФУЦИЙДЕГИ АЧЫК САБАКТАР