AVN







ЭЮКта студенттерге жана окутуучуларга МРС боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү

ЭЮКта студенттерге жана окутуучуларга МРС боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
 Nov 15, 2023  169

Экономика-юридикалык колледжинде 2023-жылдын 26-июнунда Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Окумуштуулар Кеңеши тарабынан №11 протоколу менен кабыл алынган Студенттердин жетишүүсүн жана билим сапатын баалоочу модулдук-рейтинг системасынын ЖОБОсун (МРС) түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.  Мында ЭЮКтун окуу иштери боюнча директордун орун басары А.А.Ташматова жалпы билим берүү ПЦКсынын жалпы окутуучуларына жана 2-3-курстун студенттерине түшүндүрүү иштерин алып барды.

Негизги каралган маселелер:

  1. Окуу процессии уюштуруу
  2. Баалоонун модулдук-рейтинг системасын уюштуруу
  3. Студенттин билим деңгээлин (рейтингин) аныктоо тартиби боюнча сөз болду.

Мындан сырткары электрондук журнал жүргүзүү боюнча да кеп-кеңештер берилди. Жыйынтыгында студенттер катышуу эле каралбастан, сабакта активдүүлүгүн көрсөтүү менен жетишүүнү текшерүү менен модулга уруксат бериле тургандыгын түшүнүштү. Ар бир берилген суроого А.А.Ташматова жооп берип, кеңири маалымат берди.

  • ЭЮКта студенттерге жана окутуучуларга МРС боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү
  • ЭЮКта студенттерге жана окутуучуларга МРС боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү