AVN

ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕ САБАКТАР АР ДАЙЫМ КЫЗЫКТУУ...

ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕ САБАКТАР АР ДАЙЫМ КЫЗЫКТУУ...
 Nov 15, 2023  299

Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын улук окутуучусу Осмоналиева Сабира Чоеновна П-1-23 тайпасына педагогика дисциплинасынан “Мектеп жана үй-бүлө” деген темада сабак өттү.  Сабакка студенттерден тышкары кафедранын башчысы профессор С.С. Сакиева жана мүчөлөрү: доцент К.М. Ураимов, Р. Нусупова, Г.У. Рыскулова, улук окутуучу Шишкараева, А., А.Э. Торобекова, окутуучу Мокуева Н.Ш. Нишанбаева Ж, кабинет башчысы Ирисова Н. катышышты. Сабак атайын видеого тартылып, ЖАМУнун сайтына жайгаштыруу үчүн сунушталды. Сабак жаны технология менен өтүлүп, студенттер активдүу формада интерактивдүү доска менен иштешти. Алардын ишмердүүлүгүндө заманбап технологиянын айкалышып барышы учур талабына ылайык шайкеш келген ыкма экендиги көрүндү.интерактивдүу доска менен жарыша иштешкен студенттер кызыктуу тапшырмаларды так жана мазмундуу аткарышты. Сабак абдан кызыктуу жана мазмундуу өтүлдү. Сабакка байкоо жүргүзгөндөр сабак максатына жеткендигин белгилеп кетишти.  Мындай тажрыйбаларды жайылтуу учурдун талабы экендигинде талаш жок.

  • ПЕДАГОГИКА АДИСТИГИНДЕ САБАКТАР АР ДАЙЫМ КЫЗЫКТУУ...