AVN







Аты кыргыз, заты бөлөк “көзкамандардан” алуучу таасирлер жана сабактар арбын...

Аты кыргыз, заты бөлөк “көзкамандардан” алуучу таасирлер жана сабактар арбын...
 Nov 15, 2023  222

Кыргыз тили кафедрасынын доценти А.Кадырова “Манас” эпосундагы   туруктуу, салттуу өзөк окуялардын катарында турган чоң бөлүм “Көзкамандар  окуясы” боюнча   13-ноябрь күнү  сахналаштырылган-талкуу сабак өттү. Сабак  структуралык жактан шарттуу түрдө 3 этапка бөлүнгөн. 1-этапта КТ-1-23 тайпасынын студенттери сабактын максатын түшүндүрүү үчүн ичи бузук, ыркы жок, ынтымаксыз, атанын сөзүн укпай, өзүн-өзү билген, бөлөк-бөтөн  жерде (кытайда) чоңойгон “көзкамандардын” өз ара чатакташып, бирин-бири өлтүрүп, бүт кырылып өлгөнүн сахналаштырып, каармандардын образдарын дасыккан актерлор сыяктуу элестүү аткарып беришти.

          2-этапта “Көзкамандарча бычакташкандар”, “Мазаке кылбачы” деген лакаптардын жана “Өздөн чыккан жат жаман, өзөктөн күйгөн  от жаман” сыяктуу макалдардын маанисин чечмелеп, талкуулап, учурда  бул макал-лакаптардын актуалдуулугу төмөндөбөстөн, ого бетер курчуп баратканы тууралуу ой-пикирлерин ортого коюшту. Сабакка катышып отурган ф.и.к, доцент А.Оморов, улук окутуучу А.Шерипбаев, ф.и.к. Г.Кочорова,  Г. Кудайкулова жана башка кафедранын окутуучулары талкууга активдүү катышып, омоктуу ойлору, келтирген жүйөлүү мисалдары менен талкууну бийиктикке көтөрүп, студенттердин ыраазычылыгына  ээ болушту.

         3-этапта студенттер үй тапшырма үчүн берилген кластер, Венндин диаграммасы, крассворддорду презентациялашты, өтүлгөн материалдар  боюнча  түзүлгөн тесттик тапшырмалардын туура жоопторун белгилешти жана  кайтарым байланыш түзүштү.

          А.Кадырова сабакты төмөнкүдөй корутундулады: “көзкамандардын”  кыргыз   мамлекетинин ханы, мекенчил эр азаматы, баатыры, өмүрү өрнөк болуучу сыймыгы Манас менен Алмамбет, Сыргак, Чубак баштаган чоролоруна кол салып, өлтүрүүгө кылган аракеттери  өз тегине, өз  улутуна  чыккынчылыгы, кыянатчылыгы,  эркиндигинен ажыратып, кулчулукка жеткириши, Ч.Айтматовдун тили менен айтканда “маңкурттугу”! “Көзкамандардын окуясы”  тышкы душманга караганда ички душман абдан кооптуулугун эскертип, тамсилдеп турат.

  • Аты кыргыз, заты бөлөк “көзкамандардан” алуучу таасирлер жана сабактар арбын...
  • Аты кыргыз, заты бөлөк “көзкамандардан” алуучу таасирлер жана сабактар арбын...
  • Аты кыргыз, заты бөлөк “көзкамандардан” алуучу таасирлер жана сабактар арбын...