AVN







ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА

ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
 Nov 14, 2023  212

2023-жылдын 10-октябрында Т-1-20, Тс-1-19 тайпаларына музей-архивдик практикага (5 жума) жөнөтүү боюнча уюштуруу конференциясы болуп өттү.

550400 Социалдык-экономикалык билим берүү багыты - Тарых профили (бакалавриат) боюнча окуган студенттер үчүн музей-архивдик практика алардын окуу процессинде алган теориялык жана практикалык билимдерин бышыктоого жана зарыл болгон компетенцияларды калыптандырууга, практикалык жөндөмдөр менен ыктарды өздөштүрүүгө жана аларды өркүндөтүүгө багытталган. Музей-архивдик практика жогорку квалификациялуу тарыхчы кадрларды даярдоодо чоң мааниге ээ жана аталган практиканы өтөө студенттер үчүн окуу планындагы дисциплиналар сыяктуу эле милдеттүү болуп саналат.

Практиканын максаты: студенттерге документтерди сактоо жана пайдалануу системасынын практикалык багыттарынын өнүгүшү жөнүндө негизги түшүнүктөрдү берүү. Музей-архив фонддору, музей иши, архив иши, документтер менен экспонаттардын катталышы жана сакталышы, алар менен иштөө, аларды тарыхый булак катары пайдалануу жөнүндөгү алган теориялык билимдерин иш жүзүндө бекемдөө.

Практиканын милдети: студент практикантты практика өткөрүлүүчү музей-архив мекемелери, анын структурасы, иш тартиби жана эрежелери, фонддору менен тааныштыруу, архивдик документтерди, музейдик экспонаттарды каттоо, сактоо эрежелерин үйрөтүү, документалдык булактарды интерпретациялоону жана аларды кесиптик ишмердүүлүгүндө пайдалана билүүсүн калыптандыруу. Анын ичинде эки жумасы музейде, эки жумасы архивде, бир жумасы тарыхый жерлерди көрүп келүү үчүн каралган.

Конференциянын жүрүшүндө студенттердин жол картасы, коопсуздук эрежелери жана буйруктары менен жетекчилер тарабынан түшүндүрүлүп, маалымат берилди.

  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА
  • ТАРЫХЧЫЛАР МУЗЕЙ-АРХИВДИК ПРАКТИКАДА