AVN







РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ

РЕФЛЕКЦИЯЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯ
 Nov 13, 2023  175

2023-окуу жылынын 11-ноябрь күнү Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын Кт-1-20 тайпасына рефлекциялык конференция болуп өттү.

Коференцияга кыргыз тили жана адабияты кафедрасынын окутуучулар курамы катышышты. Рефлекциялык конференциянын максаты, студенттер менен практика жетекчилеринин байланышын чыңдоо, кесиптик-профилдик практика учурунда болуп жаткан көйгөйлөргө жана сабактын планын жазуу, анализ, отчет жана башка иш-кагаздарын толтурууда жакындан жардам көргөзүү. Студенттер бул конференцияда практика учурунда туш болгон кыйынчылыктарын, кетирген кемчиликтерин, кенен айтып беришип, тиешелүү кеп кеңештерди алышты. Ошондой эле студенттер тарабынан берилген суроолорго практика жетекчилери жооп беришип, практиканын аягында даярдалуучу отчетторго коюлган талаптар, баалоо критерийлери боюнча маалыматтар берилди.