AVN







АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ

АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
 Nov 13, 2023  248

Педагогикалык кадрларды даярдоодо мектепке чейинки мекемелердин тарбиячысы жана башталгыч класстын мугалимин даярдоо  татаал жана түйшүктүү. Педагогика багытынын  бакалавр  боюнча даярдалып жаткан  3-4-курстарынын окуу графигине ылайык, 13-ноябрдан 3 жумага адаптациялык-педагогикалык практиканын конференциясы 2023-жылдын 11-ноябрында уюштурулду. Конференция педагогика, психология жана окутуунун технологиялары кафедрасынын практика боюнча жетекчиси, улук окутуучу А.К.Шишкараева тарабынан жүргүзүлдү. Адаптациялык-педагогикалык практиканы уюштуруудагы студенттин милдеттери, аны уюштуруунун педагогикалык, психологиялык жана методикалык талаптары, студенттин практика учурундагы милдеттери, укуктары, алардын коопсуздук эрежелери, практиканы жүргүзүүнүн шарттары менен тааныштырды. Адаптациялык-педагогикалык практиканын студенттин педагогикалык чыгармачылыгына тийгизген таасирине кенен токтолду. Студент-практиканттар Жалал-Абад шаарынын, Базар-Коргон, Сузак райондорунун мектептерине, мектепке чейинки мекемелерине  бөлүштүрүлгөндүгүн, ар бир практикантка кафедранын окутуучусу бөлүнгөндүгү жөнүндөгү билдирүү менен тааныштырып өттү.

Студент-практикантка бөлүнгөн методисттер да маалымат беришти. Башталгыч класста кыргыз тилин окутуунун, адабий окууга үйрөтүүнүн методикасы боюнча профессор С.С.Сакиева, доцент К.М.Ураимов, улук окутуучу С.Ч.Осмоналиева, математиканы окутуунун методикасы боюнча окутуучу Д.А.Аданова, музыканы окутуу боюнча окутуучу К.К.Орунбаев, ИЗОну окутууга карата улук окутуучу А.А.Акматов, мекен таануу преметин окутуу боюнча окутуучу Н.Ш. Мокуева, практика учурунда педагогикалык-психологиялык байкоону жүргүзүү боюнча доценттер Г.Э.Маатазимова, Ж.К.Тажибаева, окутуучу Б.М.Исманалиева билдирүү жасашты. Методисттер практика учурундагы студенттин  аткарган иш-аракети, сабакка даярдануусу жөнүндө баалуу маалыматтарды беришти, алардын практикадагы жүргүзгөн иштерине ийгилик каалашты. Кафедра башчысы С.С.Сакиева адаптациялык-педагогикалык практиканын жол картасы менен тааныштырып, практика учурунда иштөөнүн жолдоруна анализ жасады.. Жол картанын негизинде практиканын отчетун түзүүгө болоору да белгиленди. Конференция ийгиликтүү аяктап, өз максатына жетти.

  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ
  • АДАПТАЦИЯЛЫК-ПЕДАГОГИКАЛЫК  ПРАКТИКАНЫ УЮШТУРУУ